ГЛИКОЛДОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЛИКОЛДОР, д и о л д о р – молекуласындагы көмүртектин каныккан атому эки гидроксил тобун алып жүргөн спирттер. Г-дун эӊ жөнөкөй өкүлү этиленгликоль (этандиол-1,2) НОСН2–СН2ОН, түссүз, илээшкек суюктук, кайноо t 197°С; сууда, спиртте жакшы эрийт. Ири мол. массалуу Г. – катуу заттар. Спиртке мүнөздүү болгон бардык касиеттерге ээ. Өнөр жайда, күкүрт к-тасынын катышуусунда, 100°Сде, этилен оксидин гидратациялоодон алынат. Аны дигалогендүү бирикмелерди гидролиздөөдөн да алууга болот. Этиленгликолдун суу м-н аралашмасы антифриз катары глицериндин ордуна ж-а этиленгликол эфирлерин алууда баштапкы зат катары, о. эле жарылгыч заттарды, кир кетиргич каражаттарды ж. б. алууда колдонулат.