ГЛОБАЛДЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЛОБАЛДЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ – илимдеги Жер шарын дээрлик камтыган, ири масштабдагы социал., экон. ж-а экол. процесстердин моделдерин иштеп чыгууга арналган жаӊы тармак. Дүйнөнүн экономикасынын алгачкы экон.-матем. модели БУУнун тапшырмасы б-ча АКШ экономисти В. Леонтьевдин жетекчилиги астында иштелип чыккан. Анда дүйнө экон. 43 сектор б-ча экспорттук-импорттук өз ара байланышы бар 15 регионго бөлүнгөн. Бул моделде бүтүндөй дүйнө жүзүнүн 2000-жылга чейинки өнүгүү келечегинин бир нече варианты анализделген. Мындан тышкары Рим клубунун тапшырмасы б-ча башка моделдер да иштелип чыгууда. Кандай гана глобалдык модель болбосун аны түзүүдө илим м-н техниканын жетишкендиктерин ж-а өнүгүү тенденцияларын эсепке алып, дүйнөдө тынчтыкты ж-а Жердин экосистемасын сактоону эске алуу зарыл.
Т. Ниязов.