ГЛОССЕМАТИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЛОССЕМА́ТИКА (гр. gljssа – тил, sema – белги) – жалпы тил илиминдеги тилдердин структурасын формалдуу түрдө изилдөө зарылчылыгын жактаган теория. Көбүнчө Батыш Европа тил илиминде колдонулат. 20-к-дын 30–50-жылдарында Копенгаген ун-тиндеги лингв. топтун өкүлдөрү Л. Ельмслев, В. Брёндаль, Х. Ульдалль тарабынан иштелип чыккан. Г-нын тилди абстракттуулукка айландыруу, тилдердин тектештигин, тил илиминде тарыхый көз карашты таануу, эскирген грамматиканын теориясын (17-к.) кубаттоо, тилди ойлоодон, коомдон бөлүп кароо, тил илимин математика, логика, философия илимдерине көз каранды кылуу, тилдин теор. жагына көӊүл буруу, тилди символдук логика ж-а семиотика м-н байланыштыруу сыяктуу жоболору бар. Л. Ельмслев м-н Х. Ульдалль Г-ны бардык тилдердин жалпы дедукциялуу теориясы катары эсептешкен. Ошондуктан ага формалдуу логикалык ж-а матем. теория чегиндеги мүнөз берилген. Г. тилдик фактыларды анализдөөдө абстракттуулугу ж-а формалдуулугу м-н айырмаланат. Сунуш кылынган ыкманы ж-а тилдин коомдук милдетинин маанисин аныктоонун максаттуулугун негиздөөдө Г. тилдин табияты м-н коомдук маанисин жалпы теория аркылуу түшүндүргөн. Глоссематиктердин тилдин табиятын түшүнүүдөгү эӊ башкы методологиялык булагы – Ф. де Соссюрдун лингв. окуусу. Алар Ф. де Соссюрдун тил м-н сөздү айырмалаган оюн бир аз өзгөртө улантып, тилди белгилердин системасы, белгини туюндуруучу м-н туюнтулуучунун бирдиги, тил – форма, ал субстанция эмес, ошондуктан тилде айырмачылыктардан башка эч нерсе жок, тил лингв. көз караштан алганда өзүнчө ж-а өзүнө гана тиешелүү каралышы керек дешкен. Глоссематиктер тил м-н сөздү ажыратууну «схема, норма, колдонуу, акт» деген төрт мүчөлүү катары киргизүү м-н деталдаштырган. Ф. де Соссюр иштеп чыккан тил системасы деген түшүнүктү Л. Ельмслев социалдык аспектиден ажыратып, ага өтө абстракттуу ж-а «имманенттүү» мүнөз берген. Глоссематиктердин тилди анализге алуунун методологиясы тил илиминин тарыхында аз да болсо оӊ роль ойногон. Тилдин жалпы дедукциялык теориясы катары тил илимин формалдуу логика м-н айкалыштыруунун биринчи аракети катары тилдик кубулуштарды иликтөөнүн так методикасын өркүндөтүүгө таасирин тийгизген. Ошондой болсо да тилдин табиятын үйрө- нүүдө Г-нын теориясында карама-каршылыктардын болушу, мис., теория тажрыйбага көз каранды болбойт деген көз карашы м-н теория эксперименттердин маалыматына таянуу аркылуу жыйынтык берет деген сыяктуу жагдайлар бар. Г-ны лингв. иликтөөнүн жалпы методологиясы катары колдонууга мүмкүн эместиги анын көпчүлүк тилчилер тарабынан терс бааланышына алып келген. Ошондуктан бул теория тил илиминде кеӊири кулач жая албады, анын айрым терминдери башка лингв. концепцияларда колдонулууда.