ГЛОССИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЛОССИ́Т (гр. glоssa – тил) – тилдин сезгениши. Ал жаракат алуудан, инфекциялык фактордун кошулушу м-н жерг. сезгичтиктин төмөндөшүнөн, авитаминоздон, жетишсиз тамактануудан ж. б. жалпы организмдин сезгичтигинин өзгөрүшүнөн болот. Ал көбүнчө ички органдардын ооруларынын белгиси болуп эсептелет. Тилдин былжыр челинин өзгөрүшү айрым ооруларды диагноздоого мүмкүндүк берет. Мис., ичеги ооруларында тил кургак (бүктөлмөлүү), кан ооруларында жылмакай ж. б. болот. Кээде айрым дарыларды ичкенден кийинки кабылдоо катары учурайт. Бардык курактагы адамдар ооруйт. Дарылоодо аны пайда кылган себептерди жоготуу, ооздун ичин таза кармоо, витамин берүү керек.