ГОГЕН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОГЕ́Н Поль Эжен Анри (7. 6. 1848, Париж – 8. 5. 1903, Маркиз а., Атуона пос., Франция) – фр. живописчи, скульптор-керамист, график. 1870-жылдан өз алдынча сүрөт тарта баштаган. Г. чыг-лыгынын адепки мезгили импрессионизм м-н байланышкан. Кийинчерээк элдик чыгармаларга, Байыркы Грекиянын, Байыркы

Гоген. Автопортрет. 1893–94.

Чыгыштын ж-а о. кылым иск-восуна кызыгат. Жалпыланган образдардын, кубулуштардын сырдуу маанисин издөө («Үгүт-насыяттан кийинки көрүнүш», 1888; «Сары Христос», 1889) Г-дин программасын символизм м-н жакындаштырып, ал ж-а ага кошулган сүрөтчүлөр жаӊы сүрөт системасын түзгөн, көбүнчө форманы жалпылаштырууга ж-а жөнөкөйлөштүрүүгө («Арлдеги кафе», 1888) көӊүл бурган. Г-дин сүрөт системасы Таити а-нда (Океания) тарткан чыгармаларында андан ары өнүгөт («Таитилик пасторалдар», 1892; «Кечмелик», 1901). Г-дин чыгармаларындагы түстүн эмоциялык жактан каныккандыгы, декорациялык ж-а монументтик негиздердин айкалышы, образдардын маанилүүлүгү 20-к-дын башталышындагы көптөгөн сүрөтчүлөрдүн изденүүлөрүнө багыт берген. Г. скульптура, графика, карапа тармактарында да эмгектенген.
Ад.: Кантор-Гуковская А. С. Поль Гоген. Жизнь и творчество. Л.; М., 1965; Даниельсон Б. Гоген в Полинезии. М.; Л., 1969.