ГОЛОТУРИЯЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОЛОТУРИЯЛАР (Holothuriоidea), д е ӊ и з б а д ы р а ӊ ы – ийне терилүүлөр тибинин омурткасыз деӊиз жаныбарлар классы. Денеси көнөчөктөй же курттай. Уз. бир нече ммден 2 мге жетет. Көпчүлүгүнүн тинтүүрлөрү, буттары, папиллалары бар. Денесинин бир жагында тегерете тинтүүрлөрү м-н курчалган оозу, башка учунда аналдык тешиги жайгашкан. Тинтүүрлөрү м-н азыгын кармайт. Ичегиси узун түтүкчөдөй. Метаморфоз жолу м-н өрчүйт. Алардын 1100гө жакын түрү бардык океан м-н деӊиздердин түбүндө жашайт, планктон же ылай м-н азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 10дөй түрү бар. Г-нын көп түрү Кытай ж-а Японияда тамак катары колдонулат.