ГОЛЬМИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГО́ЛЬМИЙ (Holmium), Но – элементтердин мезгилдик системасынын III тобундагы хим. элемент. Катар н. 67, ат. м. 164,9303. Г-дин массалык саны 150Но – 170Но болгон 21 изотобу белгилүү. Алардын ичинен массалык саны 165Но болгон бир гана изотобу жаратылыштан табылган. Г. жер кыртышында 1,7.10–4 % массалык санда кездешет. 1879-ж. швед. химиги П. Клеве Г. оксиди (Но2О3) түрүндө тапкан. Ал – жумшак, күмүштөй ак металл; б. эрүү t 1461°С; кайноо t 2600°С; бирикмелеринде окистенүү даражасы +3. Абада окистенет, бөлмө темп-расында суу, HCl, HNO3, Н2SO4 м-н реакцияга кирет, ысытканда Н2, N2, C, P м-н кошулат. Фториддерин же хлориддерин металлды ысытуу м-н калыбына келтирип алынат. Г. кошулмалары катализатор катары колдонулат. Fe, Co, Ni металлдарынын магниттик куймаларынын компоненти катары да керектелет.