ГОНДУРАС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОНДУ́РАС, Г о н д у р а с Р е с п у б л и к а с ы – Борб. Америкадагы мамлекет. Түштүгүнөн Никарагуа, батышынан Гватемала, түш.-батышынан Сальвадор м-н чектешет. Чыгышынан ж-а түндүгүнөн Кариб деӊизи, о. эле түш.-батышынан Тынч океан чулгап турат. Аянты 112088 км2. Калкы 10,0 млн (2021). Мамл. тили – испан тили. Адм. жактан 18 департаментке бөлүнөт. Борбору – Тегусигальпа ш. Акча бирдиги – лемпира. Г. БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Латын Америкалык экон. системасынын мүчөсү.
Г. – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улут-

тук конгресс. Саясий партиялары: Улуттук партия, Гондурастын либералдык партиясы, Соц. партия, Христиан-демокр. партия.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн бийикт. 2000 мден жогору болгон (Комаягуа, Монтесильос, Опалака) тайпак тоолор ээлейт. Тоолорду тектон. ойдуӊдар өзүнчө массивдерге бөлүп турат. Кариб деӊизинин жээк тилкесин саздуу Сула ж-а Сарымаша (Моски) түздүктөрү ээлейт. Башка түздүктүү аймак өлкөнүн Тынч океан жээк тилкесинде (түн.-батышында). Ири дарыялары – Улуа, Агуан, Патука. Негизги табигый ресурстары: алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк, темир, антимонит, көмүр, жыгач, балык. Кли-

Комаягуа тоосу.

маты тропиктик-пассаттык, ойдуӊдар м-н өрөөндөрдө ысык (айлык орт. темп-расы 22–26°С), тоолорунда жылуу (10–24°С). Өлкөнүн түндүгү ж-а тоолордун айдарым түн.-чыгыш капталдары өтө нымдуу (жылдык жаан-чачыны 3000–5000 ммге чейин), өрөөндөрдө ж-а түштүктө кургакчыл. Тоолордо токой (пальма, каучук, махагони кызыл жыгачы), өрөөндө тоо ксерофит

Ороси өрөөнүндөгү тоо-токой ландшафты.

бадалдары (бук, жөкө дарак, сейба ж. б.) өсөт. Ла-Тигра, Рио-Платено Улуттук парктары бар.
Калкынын улуттук курамы: метистер (индей м-н испандардын тукумдары) – 90%, индейлер – 7%, европалыктардын тукумдары –1%. Расмий тили испан тили болгону м-н жерг. индей диалекти кеӊири тараган. Калкынын көбү католиктер (95%). Эмгекке жарамдуу калктын көбү

Тегусигальпа шаарынын көрүнүшү.

а. ч-нда иштейт. Элдин орт. жыштыгы 1 км2 жерге 60 киши. Ири шаарлары: Тегусигальпа, Сан Педро-Сула ж. б.
16-к-дын башына чейин Г. Игуэрас же Ибуэрас деп аталып келген. Анын аймагын индей уруулары (ленка, пайя, хикаке ж. б.) жердеген. Калктын калган бөлүгүн түзгөн майя индейлери Американын жогорку цивилизациясын түзгөн элдердин бири болгон. Алар жүгөрү өстүрүшкөн, ташты иштетүүдө жогорку чеберчиликке жетишишкен, өзүлөрүнүн жазмасына ээ болушкан. Г-тын аймагында байыркы майя цивилизациясынын ири борборлорунун бири – Копан ш. жайгашкан. Г. 1502-ж. Х. Колумб тарабынан ачылган. Алар өлкөнү Гондурас (исп. hondura – тереӊдик; жээктеринин өтө тереӊ болгондугунан) деп аташкан. 1524-жылдан Г-ты испан колониячылары басып алган. 1801–26-ж. испандыктарга каршы боштондук үчүн Америка континентинде башталган согуштун натыйжасында Г. Испаниядан көз каранды эместикке жетишкен (1821). Ушул мезгилде Г-та консерваторлор ж-а либералдар партиялары түзүлүп, алардын ортосунда курч күрөш башталган. Консерваторлор Г-тын Мексикага биригүүсүнө жетишкен (1821). 1823–38-ж. Г. Борб. Американын Бириккен провинцияларынын курамында болгон. 1824-ж. өлкөдө кулчулук жоюлган. 1838-ж. Г. респ. деп жарыяланып, 1839-ж. январда алгачкы конституциясы кабыл алынган. 19-к-дын экинчи жарымынан Г-тын саясий ж-а экон. турмушу АКШнын көзөмөлүндө калган. 1956-ж. октябрда бийлик аскердик хунтанын колуна өтөт. Ошондон бери өлкөнүн саясий турмушу туруктуу болбой, аскердик төӊкөрүштөр улам кайталанып келет. 1969-ж. Г. м-н Сальвадордун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, амер. мамлекеттер уюмунун кийлигишүүсү м-н токтотулган. 1975-ж. апрелде Лопес Арельяно олигархиялык элитанын ж-а аскер күчтөрүнүн кысымы м-н президенттиктен кетүүгө аргасыз болгон, андан кийин 1982-жылдын январына чейин өлкөнү аскердик хунта башкарган. 1982-ж. Г-да жаңы конституция кабыл алынып, 1982–90, 1994–2002-ж. Либералдык партиядан, 1990–94, 2002–06-ж. Улуттук партиядан шайланган өкүлдөр өлкөнүн президенти болуп иштеген. Бирок, программасы ишке ашпастан, Г. Латын Американын эң артта калган өлкөлөрүнүн бири. Калкынын төрттөн үч бөлүгү жакырчылыктын чегинде жашайт, ал эми адамдардын төрттөн бири сабатсыз. Өнөр жайларда калктын 10% гана иштейт. 2006-жылдан Г-тын президенти – Либералдык партиянын өкүлү Х. М. Селайя Розалес.
Г. – Борб. Америкадагы жакыр мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 17,55 млрд долларды (а. ч. – 12,8%; өнөр жай – 31,9%; тейлөө кызматы – 55,3%) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 2571 доллардан туура келет. Г-тын а. ч-сы экономиканын негизги тармагы болуу м-н ИДПнин 25% ж-а өлкөнүн экспортунун 2/3 бөлүгүн түзөт. Банан, кофе, бал камыш, тамеки, жүгөрү, шалы өстүрүлөт. А. ч-га жарактуу жерлердин көбү ири жер ээлерине (латифундисттерге) тийиштүү. Экон. негизги проблемалары: калктын санынын кескин өсүшү, мамл. башкаруунун төмөндүгү, жумушсуздук

Гондурас акчасы.

тун жогорку көрсөткүчтөрү, инфляциянын өсүшү ж. б. Темир жолунун уз. 785 км, автомобилдики – 8950 км (1700 кмине таш төшөлгөн), ички суу түйүндөрү – 465 км. Негизги порттору: Пуэрто-Кортес, Тела, Трухильо, Ла-Сейба. Негизги соода шериктештери: АКШ, Германия, Япония.
Г-да билим алуу 7 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү ж-а акысыз. Тегусигальпада 1847-жылдан улуттук ун-т ж-а 1978-жылдан жеке менчик ун-т, Саморанда Панамерикалык жер иштетүү мектеби бар. О. эле Улуттук китепкана (1880), Улуттук музей иштейт. Г-тын жерг. калкынын маданий каада-салттары байыркы майя урууларынын салттарына окшош. Мис., майялардын байыркы шаарынын калдыгы Копана пирамидалары, о. эле аларда сакталган байыркы храмдар ж-а таш стеллалары. Шаарларда колониялык арх-ранын эстеликтери катары ренессанс ж-а барокко стилиндеги курулган имараттар бар. Г-тын ад-тында белгилүү акын, тарыхчы ж-а эссеист Рафаель Элиодоро Валье, романист ж-а бир нече аӊгемердин автору Архентина Диас Лосано ж. б. бар. Г-та эӊ популярдуу муз. аспап – маримба. 1952-ж. Тегусигальпада мамл. музыка мектеби ачылган.
Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. Физическая география. М., 1965; Народы Америки. Т. 2, М., 1959; Томас А. Б. История Латинской Америки / Пер. с англ. М., 1960; Всё о странах мира. СПб.; М., 2006; Страны мира. М., 2006.