ГОРАЦИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОРА́ЦИЙ (толук аты-жөнү – Квинт Гораций Ф л а к к) (б. з. ч. 65-ж. – б. з. ч. 8-ж.) – рим акыны. Римде ж-а Афиныда билим алган. Алгач респ-чылар тарабында жүрүп, кийин император Августтун сарай акыны болгон. Г-дин туӊгуч чыгармалары (б. з. ч. 35–30-ж.) – моралдык ж-а адабий темаларда жазылган сатиралар же маектешүүлөр. Г. ашкерелөө мүнөзүндөгү ырларды (эподдорду) да жазган. Б. з. ч. 30–13-ж. 4 лирикалык ыр («ода») китебин чыгарган. Биринчи китеби филос. ой жүгүртүүлөргө, экинчиси поэзия маселелерине арналган. «Поэзия илими» трактаты – классицизмдин теор. негизи болуп калган. Г-дин атактуу «Эстелигин» көп акындар туураган (Г. Р. Державин, А. С. Пушкин ж. б.). Г. рим ад-тын грек лирикасындагыдай жаӊы өлчөм м-н байыткан. Анын чыг-лыгы ошол кездеги ад-ттын бийик үлгүлөрүнөн болгон.
Чыг.: Оды, эподы, сатиры, послания. М., 1970.
Ад.: История римской литературы. Т. 1. М., 1959.
Э. Кылычев.