ГОТ ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОТ ЖАЗУУСУ – о. кылымдагы (12–17-к.) латын жазуусунун графикалык түрү. Анын алгачкы үлгүлөрү 10-к-да Италияда, 11-к-дын аягында Батыш Европанын башка өлкөлөрүндө пайда болгон. Ал төрт түргө бөлүнөт: 1) текстура – сүйрү жазуу; 2) фрактура – сүйрүлөнгөн сынык жазуу; 3) швабахер – айрым тамгалары тегерек келген сынык жазуу; 4) тегерек Г. ж. – Кайра жаралуу доорундагы Г. ж. м-н гуманисттик жазуунун ортосундагы өткөөл жазуу. Жаӊы немец басмаларында Г. ж. сейрек колдонулат.