ГРАДУСТУК ӨЛЧӨӨЛӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРАДУСТУК ӨЛЧӨӨЛӨР – Жердин өлчөмүн аныктоо үчүн жер бетинде өтө тактык м-н аткарылуучу астр. ж-а геод. өлчөөлөр. Жердин шар түрүндө экендиги белгилүү болгондон тартып, Г. ө-дүн геом. негизи түзүлгөн ж-а ал астрономия, геодезия, география, картография илимдери үчүн Жер шарынын радиусун аныктоо зарылдыгынан келип чыккан. Алгачкы Г. ө. эки чекит аралыгындагы меридиан жаасынын сызыктуу узундугун өлчөө ж-а ошол эле чекиттердин геогр. кеӊдиктеринин айырмасын астр. байкоо жолу м-н аныктоодон турган. Мында Жер шар формасында деп каралып, анын меридианынын градустук узундугу ж-а өлчөмү аныкталган. Тарыхта алгач ирет Жер шарынын радиусун Г. ө-дү Египетте жашаган грек окумуштуусу Эратосфен (б. з. ч. 276–194) б. з. ч. 250-ж. колдонгону белгилүү. Кийин, 18-к-дын башталышында Жер сфероид формасында, ал эми кыймылы эллипсоиддин айналуусуна жакын экени аныкталды. Г. ө. маселеси Жердин экватордук, уюлдук радиустарын ж-а анын кысылышын аныктоодон келип чыккан. Мындай маселелерди чечүүдө бирден бир зарыл шарт меридиандын эки жаасын градустук өлчөө же ар түрдүү кеӊдикте жайгашкан жарыш сызыктар (параллелдер) жүргүзүлөт. Жердин турпаты (фигурасы) өтө татаал, аны так эллипсоид катары кароого болбойт; аны матем. түрдө белгилөө үчүн геоид деп атоо сунуш кылынган. Г. ө-дө геоидге өтө жакын болгон жер сфероидинин өлчөмү аныкталат ж-а ал сфероидден геоиддин айырмасы такталат. Сызыктуу өлчөмдөгү жер бетинен тандап алынган пункттардын арасындагы аралык триангуляция ыкмасы м-н ченелет, мис., кендик ж-а узундукту аныктоо үчүн бул пункттар астр. байкоого алынат. Бул учурда пункттардын арасындагы аралыкты градустук ченде эсептөөгө мүмкүнчүлүк болот. Мында ал райондогу геоидди мүнөздөөчү дал келген жаалардагы ийрилик радиусу эсептелет. Г. ө-дүн натыйжасында топографиялык карталардын негизи – астр.-геодезиялык торлор түзүлөт (к. Топография).