ВАХТАНГОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВАХТ́АНГОВ Евгений Багратионович [1 (13). 2. 1883, Владикавказ – 29. 5. 1922, Москва] – режиссёр, актёр, педагог. Студенттердин (кийин «Мансуровдун») драма студиясынын негиздөөчүсү ж-а жетекчиси (1913-жылдан). Ал студия 1921-ж. Москва көркөм театрынын (МХТ) 3-студиясы, 1926-ж. Евгений Вахтангов атн. театр деп аталган. В. – Октябрь рев-ясынан кийин сов. театрды уюштургандардын бири. Чеховдун

Е. Б. Вахтангов Текльтондун ролунда (Ч. Диккенс. «Мештеги кара чегиртке»). «Үйлөнүү тою» (1920, В. студиясы), Стриндбергдин «Эрик XIV» (1921) пьесалары б-ча спектаклдерди койгон. Акыркы спектаклинде (Гоцци, «Каныша Турандот», МХТнин 3-студиясы, 1922) оптимизм, тымызын тамаша, шайыр кырдаал өкүм сүргөн. Театр журтчулугу (айрыкча К. С. Станиславский м-н В. И. Немирович-Данченко) жогору баалаган бул спектакль сахна өнөрүнө жаӊы жол ачкан. Театрдын этикалык ж-а эстет. милдеттеринин ажырагыс биримдиги, идеясы, чыгарманын мазмуну м-н көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген ж-а кайталангыс сахналык форманы аныктаган мезгил талабын сезе билүү сыяктуу В. негиздеген принциптер Евгений Вахтангов атн. театрдын ишинде өрчүтүлгӨн. Көрүнүктүү актёрлор м-н режиссёрлор Р. Н. Симонов, Б. В. Щукин, Н. М. Горчаков, Ю. А. Завадский, А. Н. Грибов, В. П. Марецкая, А. И. Степанова ж. б. В-дун шакирттери болушкан. Ад.: Горчаков Н. М. Режиссёрские уроки Вахтангова. М., 1957; Симонов Р. Н. С Вахтанговым. М., 1959; Смирнов-Несвицкий Ю. А. Е. Вахтангов. Л., 1987.