ГЕРОДОТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕРОДО́Т ( болжол м-н б. з. ч. 484, Кичи Азия, Галикарнас – б. з. ч. 425-ж. ч., Түш. Италия, Фурия) – «тарыхтын атасы» аталган байыркы грек тарыхчысы. Тиранияга каршы күрөшкө

жашынан катышып, Галикарнаста тираниялык башкаруу орнотулгандан кийин мекенин таштап кетүүгө мажбур болгон. Г. Кичи Азия, Вавилон, Финикия, Египет ж. б. жерлерге саякат жасаган. Узак убакыт Афины ш-нда жашаган. Кара деӊиз жээгинде болуп, скифтер (сактар) ж-дө маалымат жыйнаган. Анын шарттуу түрдө «Тарых» деп аталган эмгеги грек тарыхынын зор маанилүү саясий окуясына – грек-перс согуштарына (б. з. ч. 500–449) арналган. Бирок, ал эмгеги бүтпөй калган. Кийин александриялык илимпоздор аны 9 китепке бөлүп, «Музалар» деп атаган. Аларда Азия элдери м-н мамлекеттери тууралуу геогр., этногр. ж-а тарыхый материалдар арбын. Эмгектин негизги идеясын гректер м-н чыгыш элдеринин күрөшүн көрсөтүү түзөт. Г-тун үч китеби ошол күрөштүн жеткен жери – Ксеркстин жортуулдары ж-дө баяндайт. Анда Хорезмдин, Парфиянын, Бактриянын жерг. элдери, алардын турмушу ж-дө да маалыматтар бар. Кырг-ндын аймагын байырлаган байыркы уруулар – сактар ж-дө бай маалыматтар чагылдырылган: «Сактар баштарына төбөсү шуштугуй, тик, бийик баш кийимдерди кийишкен. Алар сак жаалары ж-а канжарлары м-н куралданышкан. Перстер бардык скифтерди сактар деп аташкан...». «Тарыхта» келтирилген маалыматтар грек ж-а байыркы чыгыш тарыхын гана эмес, сактардын тарыхын изилдөөдө да (4-китебинде алардын турмуш-тиричилиги, салттары, жашоо образы ж. б. тууралуу ар тараптуу кеӊири маалыматтар алгачкы жолу берилет) баа жеткис булак болуп саналат.
Ад.: Лурье С. Я. Геродот. М.; Л., 1947; Доватур А. И. Повествовательный и научный стиль Геродота. Л., 1957.