ГЕТЕРАКИДОЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕТЕРАКИДО́З – куштардын гельминтоз ылаӊы. Heterakidae тукумундагы мите курт пайда кылат. Ылаӊ бардык жерде кездешет. Гетеракиддер – майда, ак саргыл түстөгү жумуру курттар, уз. 5–13 мм. Личинкасы тышкы чөйрөдө өсүп жетилет. Г-ду ылаӊдуу куштар таратат. Патол. процесс ичегиде өөрчүп, кийинчерээк башка органдарга өтөт. Мите курттар ичегинин былжыр челин жаралантып, анын безин некрозго айландырат. Дарылардан фенотиазин колдонулат. Профилактика: жөжөлөрдү өзүнчө бөлүп, жайытты которуу, тоокканадагы буюмдарды таза кармоо ж. б.