ГЕТТО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЕ́ТТО (итал. ghetto) – шаардын расалык же диний басмырлоого дуушарланган адамдарды мажбурлап кармоого арналган бөлүгү. О. кылымда Батыш ж-а Борб. Европа өлкөлөрүндө еврейлер шаарлардын (Прага, Франкфурт-на Майне, Рим) алар үчүн атайын бөлүнгөн бөлүгүндө жашашкан. «Г.» түшүнүгү 16-к-да келип чыккан. Еврейлер башкалардан обочолонуп жашашып, аларга түнкүсүн Г-нун аймагынан чыгууга тыюу салынган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер тарабынан Чыгыш Европанын бир катар шаарларында Г. түзүлүп, алар еврей калкын кырып жок кылуучу концлагерлерге айландырылган.