ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР ''' – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. | '''ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР ''' – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. Кислоталар м-н туздарды пайда кылбайт. Ароматтык Гидразобирикмелердин эӊ жөнөкөйү – гидразобензол. Алар – күчтүү калыбына келтиргичтер. Абадагы О<sub>2</sub> бөлмө температурасында аларды окистендирип, ''азобирикмелер'' пайда болот. Жегич чөйрөлөрдө да Гидразобирикмелер оӊой окистенет. Мисалы, гидразобензолду спиртте окистендиргенде, азобензол ж-а Н<sub>2</sub>О<sub>2</sub>, ал эми окистенүү-калыбына келүү реакциясында, жогорку темппературада азобензол ж-а анилин пайда болот. Ароматтык Гидразобирикмелер күчтүү калыбына келтиргичтердин таасиринде аминдерди пайда кылат. Гидразобирикмелер азобирикмелерге же нитробензолдорго начар калыбына келтиргичти таасир этүү м-н синтезделет. Ароматтык Гидразобирикмелер – ''азобоёкторду'' алуудагы баштапкы зат, ошондой эле дары-дармек алууда колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:13, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы
ГИДРАЗОБИРИКМЕЛЕР – эки углеводороддук радикал м-н байланышкан гидразо тобу бар бирикмелер. Түссүз кристаллдар; сууда эрибейт, спиртте, бензолдо, эфирде эрийт. Кислоталар м-н туздарды пайда кылбайт. Ароматтык Гидразобирикмелердин эӊ жөнөкөйү – гидразобензол. Алар – күчтүү калыбына келтиргичтер. Абадагы О2 бөлмө температурасында аларды окистендирип, азобирикмелер пайда болот. Жегич чөйрөлөрдө да Гидразобирикмелер оӊой окистенет. Мисалы, гидразобензолду спиртте окистендиргенде, азобензол ж-а Н2О2, ал эми окистенүү-калыбына келүү реакциясында, жогорку темппературада азобензол ж-а анилин пайда болот. Ароматтык Гидразобирикмелер күчтүү калыбына келтиргичтердин таасиринде аминдерди пайда кылат. Гидразобирикмелер азобирикмелерге же нитробензолдорго начар калыбына келтиргичти таасир этүү м-н синтезделет. Ароматтык Гидразобирикмелер – азобоёкторду алуудагы баштапкы зат, ошондой эле дары-дармек алууда колдонулат.