ГИДРАТТАНУУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГИДРАТТАНУУ – эриген заттардын суу м-н хим. өз ара аракеттенүүсү; сольватациянын бир түрү. Гидролизден айырмаланып, анда суутек ж-а гидроксил иондору пайда болбойт. Анын бир нече түрү бар: щелочторду, к-таларды пайда кылуучу окистердин (мис., SO3+H2O=H2SO4, Na2O+H2O=2NaOH), сууда электр диссоциация жүрүүгө бирден бир себепкер болгон иондордун, орг. заттардын Г-су белгилүү. Кээ бир орг. же орг. эмес заттар суу м-н кристалл.-гидраттарды пайда кылат. Мис., суусуз СuSO4 – түссүз зат. Анын суудагы эритиндисинен ачык көк түстөгү гидрат CuSO4 . SH2O – көк таш кристаллданып, электролиттерде эриткенде иондордун гидраты пайда болот. Орг. бирикмелердин Г-су орг. заттарды синтездөөдө чоӊ роль ойнойт, мис., этиленден этил спирти CH2=CH2+HOH>C2H5OH ж. б. алынат.