ГИДРОСФЕРА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:42, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИДРОСФЕ́РА (гидро… ж-а сфера) – Жер шарындагы бардык суу объектилеринин жыйындысы. Океандар м-н деӊиздердин ж-а кургактыктагы ж. б. суу объектилерин (дарыя, көл, саз) бүт камтыйт. Ага жер астындагы суулар, уюлдардагы муздар, бийик тоолордогу мөӊгүлөр, жаан-чачын, тирүү организмдердин денесиндеги суулар кирет. Суулардын көбү океан м-н деӊиздерде (96%), ал эми жер астында 2%, Арктика ж-а Антарктикадагы көп жылдык муз м-н карда 2%. Г-нын жалпы массасында кургактыктагы суулардын үлүшү эӊ эле аз, бирок жер бетиндеги тиричилик үчүн алардын мааниси зор. Г. суулары атмосфера, жер кыртышы (литосфера) ж-а биосфера м-н дайыма өз ара тыгыз байланышта. Бул байланыштын натыйжасында суунун Жер шарындагы айланышы жүрөт. Жер бетиндеги азыркы тиричилик адегенде Г-да башталып, кийин палеозой заманынын башталышында гана кургактыкка өткөн.