ГИЛБЕРТ, Хильберт Давид: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИ́ЛБЕРТ, ''' Хильберт Давид (23.1.1862, Кёнигсбергке жакын, Белау – 14. 2. 1943, Гёттинген) – немец математиги. СССР ИАнын чет элдик | '''ГИ́ЛБЕРТ, ''' Хильберт Давид (23.1.1862, Кёнигсбергке жакын, Белау – 14. 2. 1943, Гёттинген) – немец математиги. СССР ИАнын чет элдик корреспондент - мүчөсү (1922), чет элдик ардактуу мүчөсү (1934). Кёнигсберг университетин бүтүргөн (1895). Гёттинген, Кёнигсберг университеттеринин профессору (1895–1930). Негизги эмгектери инварианттар теориясына, алгебрага, сандар теориясына, геометрия негиздерине, Дирихле принцибине ж-а ага жакындашкан вариациялык эсептөө проблемасы м-н ''дифференциал теӊдемесине'', интегралдык теӊдемелер теориясына, сандар теориясындагы Варинг проблемасын чыгарууга, математикалык физика негиздерине, математиканын логикалык негиздерине арналган. Гилберт түзгөн симметриялуу ядролуу интегралдык теӊдеме теориясы азыркы функциялык анализдин ж-а сызыктуу оператордун спектр теориясынын негизин түзгөн. Анын «Геометриянын негиздери» деген эмгеги (1899) геометрияны аксиомалык түзүүдө үлгү катары колдонулган. Н. И. ''Лобачевский'' атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:04, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы
ГИ́ЛБЕРТ, Хильберт Давид (23.1.1862, Кёнигсбергке жакын, Белау – 14. 2. 1943, Гёттинген) – немец математиги. СССР ИАнын чет элдик корреспондент - мүчөсү (1922), чет элдик ардактуу мүчөсү (1934). Кёнигсберг университетин бүтүргөн (1895). Гёттинген, Кёнигсберг университеттеринин профессору (1895–1930). Негизги эмгектери инварианттар теориясына, алгебрага, сандар теориясына, геометрия негиздерине, Дирихле принцибине ж-а ага жакындашкан вариациялык эсептөө проблемасы м-н дифференциал теӊдемесине, интегралдык теӊдемелер теориясына, сандар теориясындагы Варинг проблемасын чыгарууга, математикалык физика негиздерине, математиканын логикалык негиздерине арналган. Гилберт түзгөн симметриялуу ядролуу интегралдык теӊдеме теориясы азыркы функциялык анализдин ж-а сызыктуу оператордун спектр теориясынын негизин түзгөн. Анын «Геометриянын негиздери» деген эмгеги (1899) геометрияны аксиомалык түзүүдө үлгү катары колдонулган. Н. И. Лобачевский атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.