ГЛАЗУРЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГЛАЗУ́РЬ ''' (нем. Glasur; Clas – айнек) – ''карапа'' буюмдарын жасоо процессинде алардын эӊ үстүнө жалатылган жука айнек сымал катмар. Көркөм карапа технологиясында колдонулат. Г-дун башкы милдети буюмдун бекемдигин күчөтүү м-н анын көркөм жасалга касиеттерин арттыруу болуп саналат. Г. түстүү ж-а түссүз, тунук ж-а жалатылма күӊүрт, жалтырак ж-а киргилт болуп бөлүнөт. Көлөкө түшүрүүчү Г. бир аз гравюраланган же рельефтик бетке түшүрүлөт; анын милдети – катмарынын калыӊдыгы м-н айырмаланган сүрөттү дал өзүндөй сактап калуу (натыйжада түрдүн коюулугу да сакталат). Майда бүртүкчө болуп түшүүчү кристалл Г. айнектеги аяз оюуларына окшош сүрөттөрү м-н айырмаланат. Өзгөчө бөлүмдү «туздуу» деп аталган Г. түзөт. Ал чоподон жасалган бир нерсенин үстүӊкү бетин кайнатылган туздун буусуна кармоонун натыйжасында алынат. Туздуу Г. жука күӊүрт жылтыроосу м-н айырмаланат ж-а скульптуранын үстүӊкү бетинин эӊ майда деталдарына чейин сактайт. Г-га кычкылдандыруучу затты кошкондо ал өзүнүн тунуктугун жоготуп, ак болуп калат, бул учурда ал ''эмаль'' деп аталат. О. эле, к. ''Кракле.''  
'''ГЛАЗУ́РЬ ''' (нем. Glasur; Clas – айнек) – ''карапа'' буюмдарын жасоо процессинде алардын эӊ үстүнө жалатылган жука айнек сымал катмар. Көркөм карапа технологиясында колдонулат. Глазурдун башкы милдети буюмдун бекемдигин күчөтүү менен анын көркөм жасалга касиеттерин арттыруу болуп саналат. Глазурь түстүү жанаа түссүз, тунук жана жалатылма күӊүрт, жалтырак жана киргилт болуп бөлүнөт. Көлөкө түшүрүүчү Глазурь бир аз гравюраланган же рельефтик бетке түшүрүлөт; анын милдети – катмарынын калыӊдыгы менен айырмаланган сүрөттү дал өзүндөй сактап калуу (натыйжада түрдүн коюулугу да сакталат). Майда бүртүкчө болуп түшүүчү кристалл Глазурь айнектеги аяз оюуларына окшош сүрөттөрү менен айырмаланат. Өзгөчө бөлүмдү «туздуу» деп аталган Глазурь түзөт. Ал чоподон жасалган бир нерсенин үстүӊкү бетин кайнатылган туздун буусуна кармоонун натыйжасында алынат. Туздуу Глазурь жука күӊүрт жылтыроосу менен айырмаланат жана скульптуранын үстүӊкү бетинин эӊ майда деталдарына чейин сактайт. Глазурга кычкылдандыруучу затты кошкондо ал өзүнүн тунуктугун жоготуп, ак болуп калат, бул учурда ал ''эмаль'' деп аталат. Ошондой эле, к. ''Кракле.''
 
[[Файл:Глазурь.jpg|left|thumb|Түстүү глазурь.]]
[[Файл:Глазу.jpg|thumb|Үймөктөлгөн глазурь.]]
[[Файл:Алтын.jpg|thumb|Алтын металл глазурь S-1078/]]
[[Файл:Глаз.jpg|center|thumb|Керамика үчүн глазурь.]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:47, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы

ГЛАЗУ́РЬ (нем. Glasur; Clas – айнек) – карапа буюмдарын жасоо процессинде алардын эӊ үстүнө жалатылган жука айнек сымал катмар. Көркөм карапа технологиясында колдонулат. Глазурдун башкы милдети буюмдун бекемдигин күчөтүү менен анын көркөм жасалга касиеттерин арттыруу болуп саналат. Глазурь түстүү жанаа түссүз, тунук жана жалатылма күӊүрт, жалтырак жана киргилт болуп бөлүнөт. Көлөкө түшүрүүчү Глазурь бир аз гравюраланган же рельефтик бетке түшүрүлөт; анын милдети – катмарынын калыӊдыгы менен айырмаланган сүрөттү дал өзүндөй сактап калуу (натыйжада түрдүн коюулугу да сакталат). Майда бүртүкчө болуп түшүүчү кристалл Глазурь айнектеги аяз оюуларына окшош сүрөттөрү менен айырмаланат. Өзгөчө бөлүмдү «туздуу» деп аталган Глазурь түзөт. Ал чоподон жасалган бир нерсенин үстүӊкү бетин кайнатылган туздун буусуна кармоонун натыйжасында алынат. Туздуу Глазурь жука күӊүрт жылтыроосу менен айырмаланат жана скульптуранын үстүӊкү бетинин эӊ майда деталдарына чейин сактайт. Глазурга кычкылдандыруучу затты кошкондо ал өзүнүн тунуктугун жоготуп, ак болуп калат, бул учурда ал эмаль деп аталат. Ошондой эле, к. Кракле.

Түстүү глазурь.
Үймөктөлгөн глазурь.
Алтын металл глазурь S-1078/
Керамика үчүн глазурь.