ГЛИКОЛ КИСЛОТАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЛИКО́Л КИСЛОТАСЫ, о к с и у к с у с к и с л о т а с ы, НОСН2СООН – эӊ жөнөкөй алифаттык оксикислота. Жытсыз, түссүз кристалл. Мол. салм. 76, 06; б. эрүү t 79 – 80°С. Сууда, орг. эриткичтерде жакшы эрийт; кайнатканда ажырайт. Быша элек жүзүмдүн, бал камыштын, кызылчанын маӊызында кездешет. Туздары ж-а эфирлери гликоляттар деп аталат. Г. к-тасы өнөр жайда хлоруксус к-тасын гидролиздөөдөн же козу кулак к-тасын электр тогу м-н калыбына келтирүүдөн, аминуксус к-тасына азоттуу к-таны таасир кылуудан, фруктозаны кычкылдандыруудан алынат. Текстиль ж-а булгаары өнөр жайында колдонулат.