ГЛИОКСАЛЬ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГЛИОКСА́ЛЬ, к о з у к у л а к а л ь д е г и д и, ОНС–СНО – эӊ жөнөкөй диальдегид. Формалин жыттанган сары кристалл. Б. эрүү t 15°C, кайноо t 50,4°С. Сууда, спиртте, эфирде жакшы эрийт. Сактаганда (айрыкча бир аз ным болгондо) жеӊил полимерленет. Г-дын касиеттери альдегиддердикине окшош. Абанын таасири м-н К2СО3түн катышуусунда окистенет, Н2О м-н КМnО4түн кычкыл эритмеси м-н кумурска кислотасын, щелочтуу эритмеси м-н козу кулак кислотасын пайда кылат. Г-ды катализатордун жардамы м-н калыбына келтирүүдө этиленгликол алынат. Өнөр жайда жез катализаторунун катышуусунда этиленгликолдон суутек молекуласын бөлүп чыгарып, же ацетальдегид м-н параальдегидди НNО3 окистендирүүдөн алынат. Г. гликол к-тасын, имидазолду, паразин бирикмелерин алууда пайдаланылат. Терини дүүлүктүрөт.