ГЛИЦЕРИН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛИЦЕРИ́Н ''' (гр. glykerjs – таттуу), 1,2,3-т р и о к с и п р о п а н, СН<sub>2</sub>ОН – СНОН – СН<sub>2</sub>ОН – эӊ жөнөкөй үч атомдуу спирт. | '''ГЛИЦЕРИ́Н ''' (гр. glykerjs – таттуу), 1,2,3-т р и о к с и п р о п а н, СН<sub>2</sub>ОН – СНОН – СН<sub>2</sub>ОН – эӊ жөнөкөй үч атомдуу спирт. Молекулалык салмагы 92,09; таттуу, жытсыз, түссүз, илээшкек суюктук; эрүү t 17,9°С; кайноо t 290°С. Суу, этанол, метанол, ацетон м-н бардык катышта аралашат; майларда, ''бензинде, бензолдо'', хлороформдо ж-а эфирде эрибейт. Абадан нымды тартып алат. Глицеринди суу м-н аралаштырганда жылуулук бөлүнүп чыгат. Суу эритмелери төмөнкү температураларда, мисалы, 66,7% Глицерини бар аралашма –46°Сде тоӊот. Молекуласында үч ОН тобу болгондуктан, Глицерин өзүнүн үч катар туундуларын берет, моно- ж-а дитуундулары 2 структуралык изомер түрүндө болушу мүмкүн. Ал оор металлдардын оксиддери м-н аракеттенип, глицераттарды пайда кылат. Глицерин суутектүү галоген кислоталары же фосфордун галогениддери м-н моно- же дигалогенгидриндерди, I<sub>2</sub> ж-а Р м-н 1,2,3-трииодпропанды, органикалык эмес ж-а карбон кислоталары м-н толук ж-а толук эмес татаал эфирлерди, дегидратациялоодо акролеинди пайда кылат. KМnO<sub>4</sub> ж-а K<sub>2</sub>Cr<sub>2</sub>O<sub>7 </sub>таасиринде СО<sub>2</sub> ж-а Н<sub>2</sub>О чейин кычкылданат. Глицерин карбон кислоталарынын триглицериддери түрүндө жаратылыш майларынын курамында болот. Өнөр жайда пальмитин, стеарин ж-а олеин кислоталарынын глицериддерин гидролиздөө реакциясы аркылуу алынат; пропиленден да синтезделет. Глицерин нитроглицеринди, жарылгыч заттарды, глифтал чайырларын, полиуретандарды, акролеин ж. б. алууда, кездеме, тери, кагазды жумшартыш үчүн, эмульгаторлордун, антифриздердин, өтүк майларынын, самын ж-а желимдин, парфюмериялык ж-а косметикалык каражаттардын, кондитердик азыктардын компоненти катары колдонулат. <br/>''Г. А. Батракеева.'' | ||
<br/>''Г. А. Батракеева.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:39, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы
ГЛИЦЕРИ́Н (гр. glykerjs – таттуу), 1,2,3-т р и о к с и п р о п а н, СН2ОН – СНОН – СН2ОН – эӊ жөнөкөй үч атомдуу спирт. Молекулалык салмагы 92,09; таттуу, жытсыз, түссүз, илээшкек суюктук; эрүү t 17,9°С; кайноо t 290°С. Суу, этанол, метанол, ацетон м-н бардык катышта аралашат; майларда, бензинде, бензолдо, хлороформдо ж-а эфирде эрибейт. Абадан нымды тартып алат. Глицеринди суу м-н аралаштырганда жылуулук бөлүнүп чыгат. Суу эритмелери төмөнкү температураларда, мисалы, 66,7% Глицерини бар аралашма –46°Сде тоӊот. Молекуласында үч ОН тобу болгондуктан, Глицерин өзүнүн үч катар туундуларын берет, моно- ж-а дитуундулары 2 структуралык изомер түрүндө болушу мүмкүн. Ал оор металлдардын оксиддери м-н аракеттенип, глицераттарды пайда кылат. Глицерин суутектүү галоген кислоталары же фосфордун галогениддери м-н моно- же дигалогенгидриндерди, I2 ж-а Р м-н 1,2,3-трииодпропанды, органикалык эмес ж-а карбон кислоталары м-н толук ж-а толук эмес татаал эфирлерди, дегидратациялоодо акролеинди пайда кылат. KМnO4 ж-а K2Cr2O7 таасиринде СО2 ж-а Н2О чейин кычкылданат. Глицерин карбон кислоталарынын триглицериддери түрүндө жаратылыш майларынын курамында болот. Өнөр жайда пальмитин, стеарин ж-а олеин кислоталарынын глицериддерин гидролиздөө реакциясы аркылуу алынат; пропиленден да синтезделет. Глицерин нитроглицеринди, жарылгыч заттарды, глифтал чайырларын, полиуретандарды, акролеин ж. б. алууда, кездеме, тери, кагазды жумшартыш үчүн, эмульгаторлордун, антифриздердин, өтүк майларынын, самын ж-а желимдин, парфюмериялык ж-а косметикалык каражаттардын, кондитердик азыктардын компоненти катары колдонулат.
Г. А. Батракеева.