ГОГОЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГО́ГОЛЬ Николай Васильевич [20. 3 (1. 4). 1809, Полтава губерниясы, Миргород уезди, Чоӊ Сорочинцы кыш. – 21. 2 (4. 3). 1852, Москва] – орус жазуучусу, акын драматург, сынчы, публицист. Нежин жогорку илимдер гимназиясында окуган (1821–28). 1834-жылдан Санкт-Петербург ун-тинин жалпы тарых кафедрасында, 1836-жылдан «Современник» журналында иштеген. Париж, Рим, Санкт-Петербург, Одесса, Москва ш-нда жашаган. 1829-ж. жазылган «Ганц Кюхельгартен» идиллиясы ийгиликтүү чыкпай калат. 1831-ж. А. С. Пушкин м-н таанышуусу анын жазуучу катары калыптанышына түрткү берген. Г. «Диканька хуторунун жанындагы кечелер» аттуу чыгармасы (1831–32) аркылуу белгилүү болгон. 1835-ж. жарыяланган «Арабески», «Миргород» жыйнактары В. Г. Белинский тарабынан жогору бааланган. Г. драматург катары да таанылган. Анын драмалык чыгармаларынын эӊ мыктысы – «Текшерүүчү» 1836-ж. жарыкка чыккан ж-а театрда коюлган. 1836-жылдан Римде жашап, «Өлүү жандар» роман-поэмасын жаза баштаган. Анын 1-тому (1842) журтчулукка «Текшерүүчүдөн» да күчтүүрөөк таасир калтырган. «Өлүү жандарга» удаалаш «Шинель» повестин жарыялаган. Ал эки чыгарма орус ад-тындагы сын реализминин өзүнчө бир манифести болгон. Г. өзүнө чейинки жазуучулар анчалык барк албаган турмуштук материалды сүрөттөөгө көп көӊүл бурган. Анын чыгармалары Россиядагы феодалдык мамилелердин өз күнүн жашап бүткөнүн айкындап, орус сын реализминин андан ары өсүп-өнүгүшүнө чоӊ таасир тийгизген. Улуу жазуучу жараткан коомдун түрдүү катмарларынын типтүү өкүлдөрүнүн классикалык образдары кийинки доорлордун окурмандары үчүн чыныгы «бейтааныш тааныштарга» (Белинский) айланууда. Г-дун чыгармалары кыргыз окурмандары м-н көрүүчүлөрүнө кеӊири белгилүү. Анын «Текшерүүчү» комедиясы 1929-ж. кыргыз театр студиясында, 30-жылдарда «Үйлөнүү» комедиясы кыргыз сахнасында ийгилик м-н коюлган. «Шинель» (1952), «Өлүү жандар» (1953), «Тарас Бульба» (1954), «Иван


Н. В. Гоголь. Ф. А. Моллер тарткан портрет.

Иванович Иван Никифорович менен кантип чатакташкандыгы тууралуу повесть» ж. б. прозалык чыгармалары, о. эле чыгармаларынын 2 томдугу (1959) кыргыз тилинде басылып чыккан.
Ад.: Белинский В. Г. О Гоголе. Статьи, рецензии, письма. М., 1949; Храпченко М. Б. Творчество Гоголя. М., 1959.