ГОЛЛИВУД: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГОЛЛИВУ́Д''' , Х о л л и в у д – Калифорния штатынын Лос-Анжелес ш-ндагы амер. кинематография борбору. 1908-ж. Калифорнияга «Граф Монте-Кристо» фильминин натуралык көрүнүштөрүн тартуу үчүн У. Зелигдин Чикагодогу фирмасынын анча чоӊ эмес тобу келет. 20-к-дын башталышында бул штатка киноаппаратурага берилген патенттин негизинде өлкөдөгү фильмдерди тартууну ж-а көрсөтүүнү монополизациялаштырып алган Т. А. Эдисондун Нью-Йорктогу «Моушн пикчерс пейтентс компани» («МППК») компаниясы м-н соттошуудан чочуган көптөгөн майда киноишкерлер өтө баштайт. Акырындап ага кинорежиссёрлор, актёрлор, тех. кызматкерлер келишип, кино өнөр жайынын өндүрүштүк базасы курулган. 1911-ж. мында алгачкы киностудия түзүлгөн. 1915-ж. «МППКнын» монополиясы жоюлгандан кийин деле Г. АКШнын кино өнөр жайынын борбору болуп кала берген. 20-к-дын 30-жылдарынын 2-жарымында 8 ири фирма («Метро-Голдвин-Майер», «Парамаунт», «20-кылым – фокс», «Коламбия», «РКО-Радио», «Уорнер разерс», «Юниверсал», «Юнайтед – артистс») жылына 500дөн ашуун фильм тарткан, 40-жылдардын башында алдыӊкы режиссёрлор социалдык курч маселелерге арналган фильмдерди коё баштаган. Г-дан көптөгөн атактуу киноактёрлор, кинорежиссёрлор чыгып, дүйнөлүк кино иск-восун байытууга зор салым кошушкан. «Кино жылдызы» деген түшүнүк ошол жерде пайда болгон. Г-да 20-к-дын 90-жылдарында Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде фильм тартылган.
'''ГОЛЛИВУ́Д''' , Х о л л и в у д – Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарындагы америка кинематография борбору. 1908-жылы Калифорнияга «Граф Монте-Кристо» тасмасынын натуралык көрүнүштөрүн тартуу үчүн У. Зелигдин Чикагодогу фирмасынын анча чоӊ эмес тобу келет. XX кылымдын башталышында бул штатка киноаппаратурага берилген патенттин негизинде өлкөдөгү тасмаларды тартууну жана көрсөтүүнү монополизациялаштырып алган Т. А. Эдисондун Нью-Йорктогу «Моушн пикчерс пейтентс компани» («МППК») компаниясы менен соттошуудан чочуган көптөгөн майда киноишкерлер өтө баштайт. Акырындап ага кинорежиссёрлор, актёрлор, тех. кызматкерлер келишип, кино өнөр жайынын өндүрүштүк базасы курулган. 1911-жылы мында алгачкы киностудия түзүлгөн. 1915-жылы «МППКнын» монополиясы жоюлгандан кийин деле Голливуд Америка Кошмо Штаттарынын кино өнөр жайынын борбору болуп кала берген. XX кылымдын 30-жылдарынын 2-жарымында 8 ири фирма («Метро-Голдвин-Майер», «Парамаунт», «XX кылым – фокс», «Коламбия», «РКО-Радио», «Уорнер разерс», «Юниверсал», «Юнайтед – артистс») жылына 500дөн ашуун тасма тарткан, 40-жылдардын башында алдыӊкы режиссёрлор социалдык курч маселелерге арналган тасмаларды коё баштаган. Голливуддан көптөгөн атактуу киноактёрлор, кинорежиссёрлор чыгып, дүйнөлүк кино искусствосун байытууга зор салым кошушкан. «Кино жылдызы» деген түшүнүк ошол жерде пайда болгон. Голливудда XX кылымдын 90-жылдарында Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде тасма тартылган.
[[Файл:Голлив.jpg|left|thumb|449x449px|Лос-Анжелес шаары, Калифорния штаты.]]
[[Файл:Ночь.jpg|thumb|400x400px|Кызыл килем фотозонасы. ]]
[[Файл:Гол.jpg|thumb|425x425px|Лос-Анжелестин борборунан батышка карай кеткен район, бүт дүйнөгө америка кинематографиясынын бешиги катары таанылган белгилүү жер.]]
[[Файл:Реклама.jpg|center|thumb|460x460px|Символго айланган жарнама: HOLLIWOOD белгисинин тарыхы.]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:27, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы

ГОЛЛИВУ́Д , Х о л л и в у д – Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарындагы америка кинематография борбору. 1908-жылы Калифорнияга «Граф Монте-Кристо» тасмасынын натуралык көрүнүштөрүн тартуу үчүн У. Зелигдин Чикагодогу фирмасынын анча чоӊ эмес тобу келет. XX кылымдын башталышында бул штатка киноаппаратурага берилген патенттин негизинде өлкөдөгү тасмаларды тартууну жана көрсөтүүнү монополизациялаштырып алган Т. А. Эдисондун Нью-Йорктогу «Моушн пикчерс пейтентс компани» («МППК») компаниясы менен соттошуудан чочуган көптөгөн майда киноишкерлер өтө баштайт. Акырындап ага кинорежиссёрлор, актёрлор, тех. кызматкерлер келишип, кино өнөр жайынын өндүрүштүк базасы курулган. 1911-жылы мында алгачкы киностудия түзүлгөн. 1915-жылы «МППКнын» монополиясы жоюлгандан кийин деле Голливуд Америка Кошмо Штаттарынын кино өнөр жайынын борбору болуп кала берген. XX кылымдын 30-жылдарынын 2-жарымында 8 ири фирма («Метро-Голдвин-Майер», «Парамаунт», «XX кылым – фокс», «Коламбия», «РКО-Радио», «Уорнер разерс», «Юниверсал», «Юнайтед – артистс») жылына 500дөн ашуун тасма тарткан, 40-жылдардын башында алдыӊкы режиссёрлор социалдык курч маселелерге арналган тасмаларды коё баштаган. Голливуддан көптөгөн атактуу киноактёрлор, кинорежиссёрлор чыгып, дүйнөлүк кино искусствосун байытууга зор салым кошушкан. «Кино жылдызы» деген түшүнүк ошол жерде пайда болгон. Голливудда XX кылымдын 90-жылдарында Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде тасма тартылган.

Лос-Анжелес шаары, Калифорния штаты.
Кызыл килем фотозонасы.
Лос-Анжелестин борборунан батышка карай кеткен район, бүт дүйнөгө америка кинематографиясынын бешиги катары таанылган белгилүү жер.
Символго айланган жарнама: HOLLIWOOD белгисинин тарыхы.