КОСМОС АППАРАТЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КО́СМОС АППАРАТЫ</b> – <i>космос</i> мейкиндигине | <b type='title'>КО́СМОС АППАРАТЫ</b> – <i>космос</i> мейкиндигине учуп чыгуучу же мейкиндикте учуп жүрүүчү жабдуулардын (ракета алып жүргүч, космос ра­кетасы ж-а кемеси, автоматтык ж-а экипаждуу станциялар – Жер орбиталык ж-а планета ара­лык жасалма жандоочтор ж. б.) жалпы аталы­шы. Космос аппараты жерге жакын, орбиталык ж-а плане­та аралык; автоматтык ж-а учкуч башкаруучу | ||
учуп чыгуучу же мейкиндикте учуп жүрүүчү жабдуулардын (ракета алып жүргүч, космос ра­кетасы ж-а кемеси, автоматтык ж-а экипаждуу | |||
станциялар – Жер орбиталык ж-а планета ара­лык жасалма жандоочтор ж. б.) жалпы аталы­шы. | |||
[[File:КОСМОС АППАРАТЫ21.png | thumb | Космоско учуучу аппарат. | [[File:КОСМОС АППАРАТЫ21.png | thumb | Космоско учуучу аппарат. | ||
]]болуп бөлүнөт. Атайын | ]]болуп бөлүнөт. Атайын илимий-изилдөөчү аппаратура м-н жабдылган космос аппараты ар кандай багытта изилдөө­лөрдү жүргүзүү үчүн космоско чыгарылат. «Спут­ник» деп аталган алгачкы космос аппараты 1957-жылы 4-ок­тябрда Советтер Союзунда учурулган. Кийин космос аппараты Жер орбитасына, Айга, планеталарга учу­рулган. 1957-жылы ноябрда «Спутник-2» космос аппаратында Лайка аттуу ит учурулган. 1961-жылы 12-апрелде Ю. Гагарин «Восток» космос кемесинде учкан.<br> | ||
Космос аппаратынын негизги өзгөчөлүктөрү – космоско уч­канда узак убакыт бою иштеши ж-а ошону м-н бортундагы (борт аппараты) белгилүү жылуу­лук режиминин негизинде энергия алып, Жер м-н радиобайланышын камсыз кылат. Экипа­жы бар космос аппаратында космонавттардын жашоо тири­чилигине, иштешине шарт түзүлгөн. Космос аппаратынын учуусу эки бөлүктөн турат: берилген багыт боюнча белгилүү ылдамдыкка жеткирүүчү бөлүк, чы­гаруу бөлүгү ж-а орбиталык бөлүк. Космос аппаратына 8 <i>км/сек</i>га жакын ылдамдык берүү үчүн көп бас­кычтуу ракеталар пайдаланылат. <i>Жердин жа­салма жандоочусунун</i> ылдамдыгы биринчи кос­мос ылдамдыгына барабар же ашыгыраак; пла­нета аралык космос аппараты экинчи космос ылдамдыгына ээ болот; ал эми үчүнчү космос ылдамдыгына ээ болсо – Күн системасынан чыгып кетет. Космос аппаратын Жерге ж. б. асман телолоруна кондурууда кос­мостук ылдамдыкты нөлгө чейин төмөндөтүү – космоско учуу проблемаларынын эң татаалы. Космос аппаратын токтотуу эки түрдө болот: тормоздоочу реактивдүү күч аркылуу (Айга кондурууда); ап­парат атмосферага киргенде пайда болуучу аэроди­намикалык күчтүн жардамы м-н (Жерге конду­рууда). Космос аппараты атмосферада түшүп келе жатканда аэро­динамикалык ысуу болот. Ошондуктан ысык­ка чыдамдуу, жылуулукту начар өткөрүүчү ма­териалдар (керамикалык негиздеги органикалык мате­риалдар ж. б.) м-н капталат. Ошондой эле Жерге жа­кындаганда кыймыл ылдамдыгын азайтуу үчүн парашют системасы колдонулат. Космос аппаратынын борт жабдуу комплексине: энергия булагы, жылуу­лук жөнгө салгыч, радиобайланыш ж-а радио­телеметрия, кыймылды багыттоо ж-а башка­руу, тиричилик камсыздоо, кондуруучу ж. б. системалар кирет. Биринчи космос аппараты 1957-жылы 4-ок­тябрда учурулган. Космос аппаратынын аракет кылуу узак­тыгы 5–7 жыл ж-а байланыш аралыгы жүздөгөн млн <i>км</i>. 2000-жылдан тартып долбоорлонуп, «Союз» сериясындагы космос кемелерин «Кли­пер» космос аппаратына алмаштырууга арналган. 2011-жылы экипажы жок учуруу ж-а 2012-жылы бир нече ки­шиден турган космос аппаратын учуруу пландалууда. | |||
бортундагы (борт аппараты) белгилүү жылуу­лук режиминин негизинде энергия алып, Жер м-н радиобайланышын камсыз кылат. Экипа­жы бар | |||
учуусу эки бөлүктөн турат: берилген багыт | |||
болсо – Күн системасынан чыгып кетет. | |||
Жерге ж. б. асман телолоруна кондурууда кос­мостук ылдамдыкты нөлгө чейин төмөндөтүү – | |||
космоско учуу проблемаларынын эң татаалы. | |||
млн <i>км</i>. 2000-жылдан тартып долбоорлонуп, | |||
«Союз» сериясындагы космос кемелерин «Кли­пер» | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
05:09, 3 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КО́СМОС АППАРАТЫ – космос мейкиндигине учуп чыгуучу же мейкиндикте учуп жүрүүчү жабдуулардын (ракета алып жүргүч, космос ракетасы ж-а кемеси, автоматтык ж-а экипаждуу станциялар – Жер орбиталык ж-а планета аралык жасалма жандоочтор ж. б.) жалпы аталышы. Космос аппараты жерге жакын, орбиталык ж-а планета аралык; автоматтык ж-а учкуч башкаруучу

болуп бөлүнөт. Атайын илимий-изилдөөчү аппаратура м-н жабдылган космос аппараты ар кандай багытта изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн космоско чыгарылат. «Спутник» деп аталган алгачкы космос аппараты 1957-жылы 4-октябрда Советтер Союзунда учурулган. Кийин космос аппараты Жер орбитасына, Айга, планеталарга учурулган. 1957-жылы ноябрда «Спутник-2» космос аппаратында Лайка аттуу ит учурулган. 1961-жылы 12-апрелде Ю. Гагарин «Восток» космос кемесинде учкан.
Космос аппаратынын негизги өзгөчөлүктөрү – космоско учканда узак убакыт бою иштеши ж-а ошону м-н бортундагы (борт аппараты) белгилүү жылуулук режиминин негизинде энергия алып, Жер м-н радиобайланышын камсыз кылат. Экипажы бар космос аппаратында космонавттардын жашоо тиричилигине, иштешине шарт түзүлгөн. Космос аппаратынын учуусу эки бөлүктөн турат: берилген багыт боюнча белгилүү ылдамдыкка жеткирүүчү бөлүк, чыгаруу бөлүгү ж-а орбиталык бөлүк. Космос аппаратына 8 км/секга жакын ылдамдык берүү үчүн көп баскычтуу ракеталар пайдаланылат. Жердин жасалма жандоочусунун ылдамдыгы биринчи космос ылдамдыгына барабар же ашыгыраак; планета аралык космос аппараты экинчи космос ылдамдыгына ээ болот; ал эми үчүнчү космос ылдамдыгына ээ болсо – Күн системасынан чыгып кетет. Космос аппаратын Жерге ж. б. асман телолоруна кондурууда космостук ылдамдыкты нөлгө чейин төмөндөтүү – космоско учуу проблемаларынын эң татаалы. Космос аппаратын токтотуу эки түрдө болот: тормоздоочу реактивдүү күч аркылуу (Айга кондурууда); аппарат атмосферага киргенде пайда болуучу аэродинамикалык күчтүн жардамы м-н (Жерге кондурууда). Космос аппараты атмосферада түшүп келе жатканда аэродинамикалык ысуу болот. Ошондуктан ысыкка чыдамдуу, жылуулукту начар өткөрүүчү материалдар (керамикалык негиздеги органикалык материалдар ж. б.) м-н капталат. Ошондой эле Жерге жакындаганда кыймыл ылдамдыгын азайтуу үчүн парашют системасы колдонулат. Космос аппаратынын борт жабдуу комплексине: энергия булагы, жылуулук жөнгө салгыч, радиобайланыш ж-а радиотелеметрия, кыймылды багыттоо ж-а башкаруу, тиричилик камсыздоо, кондуруучу ж. б. системалар кирет. Биринчи космос аппараты 1957-жылы 4-октябрда учурулган. Космос аппаратынын аракет кылуу узактыгы 5–7 жыл ж-а байланыш аралыгы жүздөгөн млн км. 2000-жылдан тартып долбоорлонуп, «Союз» сериясындагы космос кемелерин «Клипер» космос аппаратына алмаштырууга арналган. 2011-жылы экипажы жок учуруу ж-а 2012-жылы бир нече кишиден турган космос аппаратын учуруу пландалууда.