ГОЛУБИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОЛУ́БИН Владимир Николаевич (2.7.1909, Анжеро-Суженск ш. – 10.8.1993, Бишкек) – геолог, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1953). О. Азия политех. ин-тунун геол. чалгындоо ф-тин бүтүргөн (1932). Кыргыз ССР геол. Башкармалыгынын башкы геологу, башкы инженери, начальниги (1938–61), Казак ССР геол. башкармалыгынын начальниги (1954–56). Кырг-ндын кен байлыктарын ачуу, чалгындоо ж-а аларда геол. жумуштарды жүргүзүүнү өркүндөтүүгө олуттуу салым кошкон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5-шайланышы) депутаты. Урандын Кырг-ндагы ири кендерин чалгындоого активдүү катышкан. Эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.