ГОРИЗОНТАЛДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОРИЗОНТАЛДАР , и з о г и п с т е р (гр. isos – теӊ ж-а hepsos – бийиктик) – геогр. карталарда Жердин (Айдын ж. б. планеталардын) рельефинин абс. бийиктиги бирдей чекиттерин туташтырган сызыктар. Ал рельефтин белгиленген деӊгээл ж-а көрсөтүлгөн интервал б-ча өткөрүлгөн ой-чуӊкурлуу проекцияларын чагылдырат. Г. жер бетинде көбүнчө деӊиз (Дүйнөлүк океан) деӊгээлине салыштырмалуу өткөрүлүп, негизинен топографиялык, жалпы геогр., физ. ж-а гипсометриялык карталарда рельефтин сүрөттөлүшүн чагылдырган негизги ыкма. Аларды колдонуу карталарда чекиттердин абс. ж-а салыштырмалуу бийиктиктерин, жарлардын тиктигин, рельефтин тилмеленүүсүн ж. б. морфометриялык көрсөткүчтөрүн аныктоого өбөлгө түзөт.