ГОРМОНДОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГОРМОНДОР (гр. hormfo – козгойм, кыймылга келтирем) – ички секреция бездери же организмдин атайын клеткалары иштеп чыгарып, башка орган м-н ткандын ишине таасир этүүчү биол. активдүү заттар. Алар түздөн-түз канга куюлуп, тиричиликте маанилүү процесстерди – зат ж-а энергия алмашуу, гомеостаз, өсүү, өрчүү, көбөйүү ж. б-ды жөнгө салат. «Г.» терминин 1905-ж. англ. физиолог Э. Старлинг киргизген. Г. физиол. өтө активдүү болгондуктан, аз гана өлчөмү органдын ишин бир кыйла өзгөртөт. Ал кан аркылуу таралып, ферменттик процесстерди күчөтүү ж-а токтотуу м-н физиол. ж-а биохим. реакцияны өзгөртүп, организмдин иштешине таасир тийгизет. Борб. нерв системасынын клеткалары бөлүп чыгарган Г. нейрогормондор деп аталат. Өсүмдүктө Г. системасы кыйла татаал (фитогормондор). Г-ду иштеп чыгаруучу эндокрин бездери омурткалуу жаныбарларда гана болбостон, омурткасыздарда (баш буттуу моллюскалар, рак сымалдар ж-а курт-кумурскаларда) да жакшы өөрчүгөн. Курт-кумурскаларда өсүү, түлөө, метаморфоз, жыныстык көбөйүү ж-а адаптация сыяктуу негизги процесстерди башкарат. Сүт эмүүчүлөрдүн 40тан ашык Г-у белгилүү. Алар хим. табияты б-ча үч топко бөлүнөт: пептиддик ж-а белоктук (инсулин, пролактин ж. б.), амин к-талардан алынган (адреналин, норадреналин, тироксин ж. б.), стероиддик (жыныс гормондору – андрогендер, экстрогендер, кортикостероиддер). Г. клеткадагы зат алмашуунун бардык түрүн тандап көзөмөлдөө м-н, ткань ж-а бүтүндөй организмдин өсүүсүн, гендик активдүүлүгүн, жыныстын калыптанышын ж-а көбөйүүнү, чөйрөнүн өзгөргөн шартына ыӊгайланууну, организмдин ички туруктуулугун, жүрүм-турумду шарттайт. Көпчүлүк Г-дун бөлүнүшү гипофиздин алдыӊкы бөлүгүнүн функциясына байланыштуу. Г-дун функцияларын мээдеги гипоталамус жөнгө салат.