ГРАВИМЕТР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРАВИМЕ́ТР (лат. gravis – оор ж-а …метр) – оордук күчүнүн ылдамдануусун салыштырмалуу түрдө өлчөөчү прибор (к. Гравиметрия). Г-дин көбү пружиналуу же айланып туруучу так тараза түрүндө жасалат. Мындай Г-дин иштөө принциби кичинекей гана жүктүн оордук күчүн

ГАЭ гравиметри: а – жалпы көрүнүшү; б – схемалык түзүлүшү.

компенсациялоочу пружинанын деформациясы же кварц жибинин чыйралуу бурчу б-ча оордук күчүнүн ылдамдануусунун айырмасын өлчөөгө негизделген. Өлчөө адегенде оордук күчүнүн ылдамдануусу белгилүү болгон баштапкы пункта, андан кийин изилденүүчү жерде жүргүзүлөт. Жакшыртылган Г-дин тактыгы миллигалдын (мгл) он миӊдик үлүшүнө жетет. Кен байлыктарды чалгындоодо кварц Г-и кеӊири колдонулат (к. сүрөттү). Г. бургулоо көзөнөгүнүн, деӊиз ж-а аэрогравиметр (а. и. космос аппаратына орнотулма) болуп айырмаланат.