ВАВИЛОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАВИЛО́Н ''' (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы | '''ВАВИЛО́Н ''' (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – б. з. ч. 4-кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган;

| [[File:ВАВИЛОН3.png | thumb | Иштар дарбазасы. Вавилон, б. з. ч. VI к. Реконструкция.
Мамлекеттик музей (Берлин).]] | ||
[[File:ВАВИЛОН3.png | thumb | Иштар дарбазасы. Вавилон, б. з. ч. VI к. Реконструкция. | Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, б. з. ч. 1894–1595-жылдар) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү ''Хаммурапи'' (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Б. з. ч. 1595-жылы В. хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу ''Семирамиданын асма багы'' жайгашкан. Б. з. ч. 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. 5-кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алат. 312-жылы А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, б. з. 2-кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.
Ад.: ''Геродот.'' История в девяти книгах. Л., 1972; ''Кленгель-Брандт Э.'' Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979. | ||

Мамлекеттик музей (Берлин).]] | |||

Ад.: ''Геродот.'' История в девяти книгах. Л., 1972; ''Кленгель-Брандт Э.'' Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:28, 21 Май (Бугу) 2024 -деги абалы
ВАВИЛО́Н (шумерче Кадингирра, аккадча Бабилу – «кудай дарбазасы» дегенден) – Байыркы Жакынкы Чыгыштагы ири шаар (б. з. ч. 3-миӊ жылдыктын экинчи жарымы – б. з. ч. 4-кылым). Месопотамияда Евфрат дарыясынын жээгинен орун алган;

Мамлекеттик музей (Берлин).
Вавилондун урандылары азыркы Эль-Хилла (Ирак) шаарынын жанында. Б. з. ч. 2-миӊ жылдыктын башында шаар Вавилон аморей урууларына өтүп, алардын башчысы Сумуабум мында өз династиясын (I Вавилон династиясы, б. з. ч. 1894–1595-жылдар) негиздеген. Династиянын алтынчы өкүлү Хаммурапи (б. з. ч. 1792–50) бүткүл Месопотамия аймагын бирдиктүү мамлекетке бириктирип, Вавилон дээрлик 1000 жыл бою анын борбору болуп турган. Б. з. ч. 1595-жылы В. хеттер, 1518-жылы каситтер тарабынан басып алынган. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын башында Вавилон Ассирия менен арамей урууларынын бири халдейлердин ортосунда талашка түшкөн. 732-жылдан Вавилон Ассирия державасынын курамына кирген. 689-жылы Ассирия падышасы Синахериб вавилондуктардын баш ийүүнү каалабагандыгы үчүн шаарды талкалоого буйрук берген. 680-жылы Синахерибдин жолун улантуучу Асархаддон тарабынан шаар кайрадан калыбына келтирилип, Вавилон Жакынкы Чыгыштагы бай жана чоӊ шаарлардын бирине айланган. Шаардын түндүк-батыш тарабында падышанын Чоӊ ак сарайы курулуп, ага жанаша атактуу Семирамиданын асма багы жайгашкан. Б. з. ч. 539-жылы Вавилонду Персия падышасы Кир II караткан. 5-кылымдын экинчи жарымында Вавилондо болуп кеткен Геродот: «Мен билген шаарлардын эӊ чоӊу гана эмес, эӊ ажайып көркөмү да»,– деп жазган. 331-жылы шаарды Александр Македонский басып алат. 312-жылы А. Македонскийдин кол башчысы Селевк I Никатор каратат да, шаар калкынын көп бөлүгүн Вавилондон анча алыс эмес жерге курдурган жаӊы борбор – Селевкияга көчүрөт. Ошондон кийин Вавилон кедеринен кетип, б. з. 2-кылымында тарыхый ролун жоготот. Шаар жайгашкан жерде чакан кыштак гана калып, 624-жылы Кош-Өзөн аймагы арабдар тарабынан каратылган соӊ, ал да жок болгон. Кийинчерээк байыркы Вавилон шаары жайгашкан жердин өзү да унутулган.
Ад.: Геродот. История в девяти книгах. Л., 1972; Кленгель-Брандт Э. Путешествие в Древний Вавилон. М., 1979.