ВАГАНОВА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВАГА́НОВА Агриппина Яковлевна [14(26). 6. 1879, Петербург – 5. 11. 1951, Ленинград] – балет артисти, балетмейстер, педагог, РСФСР эл арт. (1934). СССР мамл. сыйл. лауреаты (1946). 1897-ж. Петербург театр окуу жайын бүтүрүп, 1897–1916-ж. Мария театрында иштеген. 1917-жылдан пед. кызматта жүргөн. 1931–37-ж. Ленинграддагы С. М. Киров атн. опера ж-а балет театрынын көркөм жетекчиси болгон. «Ак куу көлү» (1933), «Эсмеральда» (1935) балеттерин койгон. Г. С. Уланова, М. Т. Семёнова, Т. М. Вечеслова,

«А. Я. Ваганова класста». В. Семёнова-Тянь-Шанская тарткан портрет. Н. М. Дудинская ж. б. балет чеберлери В-дан таалим алган. Бүбүсара Бейшеналиева да В-нын шакирти болгон. «Классикалык бийдин негиздери» окуу китебинин (1934, төрт ирет кайра басылган) автору. Ал балет өнөрүндө классикалык бийдин салттарын өнүктүрүүгө чоӊ эмгек сиӊирген. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Богданов-Берёзовский В. М. А. Я. Ваганова. М.; Л., 1950.