ВАГОВ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАГОВ Алексей Власович (18. 2. 1905, Россия империясы, Войска Дон обл., Ростов-на-Дону ш. – 6. 5. 1971, Украина ССРи, Винница) – сов. парт. ишмер. Кырг-н КП БКнын 1-секретары (1938–45). 1955-ж. Москвадагы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүткөн. 1929-ж. Ростов ш-нда «Ростсельмаш» з-дунун комсомол к-тинин секретары, 1929–30-ж. комсомолдун Миллеровск (Түн. Кавказ крайы), 1930-ж. Камышинск (Төмөнкү Волга крайы) райкомдорунун секретары, 1931-ж. комсомолдун Саратов (Төмөнкү Волга крайы) райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1931–32-ж. партиянын Сталин (Ростов-на-Дону ш.) райкомунун инструктору, 1932–33-ж. Москвадагы Ильич атн. з-ддун партиялык к-тинин секретары, 1933-ж. Москва обл-нун Луховицск р-нунун «Красная Пойма» совхозунда саясий бөлүмдүн начальниги, 1934–37-ж. Москвадагы Сталин атн. автомобиль з-дунун (ЗИС) партиялык к-тетинин секретары, 1937–38-ж. СССР Автомобиль өнөр жай кызматкерлер профсоюзунун төрагасы, 1946–50-ж. Украина КП Винница шааркомунун секретары, 1950–52-ж. 1-секретары, 1955–61-ж. Винница обл. аткомунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. ВКП (б) Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү (1939–52). СССР Жогорку Советинин депутаты (1-чакырылышы). Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
