ВАКЦИНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАКЦИ́НА ( лат. vaccinus; vacca – уй) – оору козгогуч микроорганизмдерден (бактерия, риккетсия, вирус) же алардын тиричилик аракетинен пайда болгон заттардан алынган иммунбиол. препарат. Ал адамда, жаныбарларда активдүү иммунитет пайда кылуу, дарылоо ж-а алдын алуу максатында даярдалат. Организмге В. киргизгенде тийиштүү жугуштуу ооруларга жасалма активдүү иммунитет пайда болот. 1796-ж. англ. врач Э. Женнер адамды чечек оорусунан сактоо үчүн уй чечегинен 1-жолу В. алган. Сибирь жарасы (1881) ж-а кутурмага (1885) алгачкы тирүү В-ны фр. микробиолог Л. Пастер алган. 1921-ж. фр. илимпоздор А. Кальмет м-н Ш. Герен сунуш кылган туберкулёзго каршы тирүү В. (БЦЖ) дүйнөдө ал ооруну бир кыйла азайткан. В. тирүү, өлүү, хим. ж-а антитоксиндер болуп бөлүнөт. Тирүү В. атайын алсыздандырылган, оору козгоого жөндөмсүз, бирок организмде көбөйүп, иммунитет пайда кылуучу микрооганизмдерден даярдалат. Өлүү В. физ. ж-а хим. факторлор м-н өлтүрүлгөн микроорганизмден алынат. Хим. В. микроорганизмдерден же алардын продуктуларынан атайын бөлүнүп алынган иммунитет пайда кылуучу активдүү компонент (антигендери) болуп саналат. Анатоксиндер бактериянын экзотоксиндерин зыянсыздандыруудан пайда болот. Бир козгогучтан даярдалган моновакцина – бир ооруга, экөөнөн жасалган дивакцина – эки ооруга, андан көп козгогучтан жасалган поливакцина бир нече ооруга каршы иммунитет пайда кылат. Ал ичилет, териге сыйпалат, булчуӊга, тери астына, териге куюлат. Иммунитет пайда болуу үчүн бир жолу В. киргизүү жетиштүү. Эмдөө кээ бир жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында сөзсүз, айрым учурда эпидемиялык көрсөткүчтөргө карата жүргүзүлөт. Учурда 30дан ашуун В. препараты колдонулат.