ВАЛЕНТТҮҮ ЗОНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:38, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВАЛЕНТТҮҮ ЗО́НА – катуу нерселердин аныкталган электрондук абалынын энергиялык аймагы. Ал абс. нөл темп-рада валенттүү электрон м-н толтурулган. В. з-нын электрондору кристаллдын байланыш энергиясына, анын диэлектрдик өткөрүмдүүлүгүнө салым кошот. Кристаллдагы жарыктын жутулушун аныктайт. Жылуулук кыймылынын таасири, о. эле тышкы таасирден (жарык ж. б.) бир аз электрондор В. з-дан өткөрүмдүүлүк зонасына же тыюу салынган зонадагы кошмо деӊгээлге өтөт. Натыйжада В. з-нын жогорку бөлүгүндө белгилүү санда толтурулбаган электрондук абал (көӊдөй) пайда болот ж-а В. з-нын электрондору электр өткөрүүгө катышууга мүмкүндүк алат.