ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (тил илиминде): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВАЛЕНТТҮҮЛҮК ''' (лат. valentia – күч) т и л и л и м и н д е – сөздүн башка сөздөр м-н синтаксистик байланыш түзүү жөндөмдүүлүгү. В. түшүнүгү лингвистикага биринчи ирет С. Д. Кацнельсон тарабынан киргизилген (1948). Батыш Европа тил илиминде бул термин алгач Л. Теньер тарабынан этиштин айкашуучулук жөндөмүн белгилөө үчүн гана пайдаланылган. В-тү этиш сөз кабыл ала турган актанттардын саны катары караган. Ошого жараша этиштерди бир валенттүү (мис., Ал берди.), эки валенттүү (мис., Ал китеп берди.), үч валенттүү (мис., Ал китепти мага берди.) деп бөлгөн. Тил илиминде негизинен В. кеӊири жагдайда сөздөрдүн ж. б. бирдиктердин айкашуу жөндөмдүүлүгү катары каралып келген. Ар бир тилдин өзгөчөлүгүнө ылайык сөз түркүмдөрүнүн В-ү ж-а сөздүн семантикасы м-н байланышкан лексикалык В. деп айырмаланат.
'''ВАЛЕНТТҮҮЛҮК ''' (лат. valentia – күч) т и л и л и м и н д е – сөздүн башка сөздөр менен синтаксистик байланыш түзүү жөндөмдүүлүгү. Валенттүүлүк түшүнүгү лингвистикага биринчи ирет С. Д. Кацнельсон тарабынан киргизилген (1948). Батыш Европа тил илиминде бул термин алгач Л. Теньер тарабынан этиштин айкашуучулук жөндөмүн белгилөө үчүн гана пайдаланылган. Валенттүүлүктү этиш сөз кабыл ала турган актанттардын саны катары караган. Ошого жараша этиштерди бир валенттүү (мисалы, Ал берди.), эки валенттүү (мисалы, Ал китеп берди.), үч валенттүү (мисалы, Ал китепти мага берди.) деп бөлгөн. Тил илиминде негизинен Валенттүүлүк  кеӊири жагдайда сөздөрдүн ж. б. бирдиктердин айкашуу жөндөмдүүлүгү катары каралып келген. Ар бир тилдин өзгөчөлүгүнө ылайык сөз түркүмдөрүнүн Валенттүүлүгү жана сөздүн семантикасы менен байланышкан лексикалык Валенттүүлүк  деп айырмаланат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:13, 22 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (лат. valentia – күч) т и л и л и м и н д е – сөздүн башка сөздөр менен синтаксистик байланыш түзүү жөндөмдүүлүгү. Валенттүүлүк түшүнүгү лингвистикага биринчи ирет С. Д. Кацнельсон тарабынан киргизилген (1948). Батыш Европа тил илиминде бул термин алгач Л. Теньер тарабынан этиштин айкашуучулук жөндөмүн белгилөө үчүн гана пайдаланылган. Валенттүүлүктү этиш сөз кабыл ала турган актанттардын саны катары караган. Ошого жараша этиштерди бир валенттүү (мисалы, Ал берди.), эки валенттүү (мисалы, Ал китеп берди.), үч валенттүү (мисалы, Ал китепти мага берди.) деп бөлгөн. Тил илиминде негизинен Валенттүүлүк кеӊири жагдайда сөздөрдүн ж. б. бирдиктердин айкашуу жөндөмдүүлүгү катары каралып келген. Ар бир тилдин өзгөчөлүгүнө ылайык сөз түркүмдөрүнүн Валенттүүлүгү жана сөздүн семантикасы менен байланышкан лексикалык Валенттүүлүк деп айырмаланат.