ВАЛЮТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО): нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАЛЮ́ТА АЛМАШЫМДУУЛУГУ (КОНВЕРСИЯЛОО ) (англ. convertibity of currency) – бир өлкөнүн валютасын башка өлкөнүн валютасына бардык эле формада ж-а операциянын бардык түрүндө чектөөсүз алмаштыруу мүмкүнчүлүгү. В. а. улуттук валюта дүйнөлүк акчанын функциясын аткарат дегендикти билдирет. Алтын стандарттын мезгилинде тигил же бул ыкма м-н алтынга эркин алмашылуучу валюта алмашымдуу деп эсептелген. Алтынга эркин В. а. 1-дүйнөлүк согушка чейин колдонулган. Согуштан кийин куйма алтынга алмашуу формасында калыбына келтирилген. АКШда өз валютасын алмаштыруу мүмкүнчүлүгү узакка сакталган. 1971-ж. АКШ алтынды монетасыздандыруу (демонетизация) б-ча иш жүргүзгөн. 1970-жылдардын ортосунда алтын стандарт биротоло жоюлуп, дүйнөнүн бардык валюталары «кагазга» айланган. Улуттук валютанын алтынга эмес, ошол учурдагы курс б-ча башка өлкөлөрдүн валюталарына эркин алмашуусу В. а. деп аталган. В. а. өлкөнүн эмгекти эл аралык бөлүштүрүүгө, дүйнөлүк соодага ж-а эсептешүүгө натыйжалуу катышуусунда маанилүү фактор болуп саналат. АКШ доллары бар жеке адам же юрид. жак экспорт-импорт операциялары б-ча тоскоолдуксуз эсептешүүгө, амер., о. эле чет өлкөлүк банктарда аны депонирлөөгө, долларды башка бардык эле валютага сатууга, амер. мамл. ж-а менчик баалуу кагаздарды сатып алууга акылуу. Азыркы учурда онго жакын өлкөнүн (АКШ, Канада, Япония, Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү) валютасы толук алмашымдуу деп эсептелет. В. а-нун артыкчылыгы – ошол өлкө башка өлкөлөр (өнөктөштөр) м-н улуттук валютада эсеп жүргүзө алат, демек процентсиз чет өлкөлүк кредит алып, өз товарларын чет өлкөлүк рынокто ийгиликтүү соодалайт дегенди түшүндүрөт.