ВАЛЮТА CИCТЕМАCЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВАЛЮ́ТА CИCТЕМАCЫ – 1) эл аралык акча мамилелерин уюштуруу формасы; 2) дүйнөлүк акчанын иштөө чөйрөсү. В. с. төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) ички акча-кредит жүгүртүүсүн; 2) эл аралык эсептешүү чөйрөсүн. В. с. адегенде улуттук чарба чегинде калыптанат. Дүйнөлүк капиталисттик рыноктун түзүлүшү дүйнөлүк В. с. генезисине өбөлгө болду. Эл аралык төлөмдөр б-ча эсептешүү каражаты катары колдонулган‚ улуттук валюталардын алмашуусун камсыз кылган алтын В. с-нын негизи болуп эсептелген. Дүйнөлүк В. с. үчүн алтын стандарты мезгилинде төмөнкү белгилер мүнөздүү болгон: а) алтын монополиялуу түрдө эл аралык төлөм баланстары б-ча эсептешүүлөр каражаттарынын милдетин аткарган; б) эл аралык эсептешүүлөрдүн кредиттик куралдары төлөм каражаттары катары өтө чектелүү пайдаланылган; в) эсептешүүлөрдүн кредиттик куралдарын алтынга алмашуу эркин жүргүзүлгөн; г) валюта курсу улуттук акча бирдиктеринин алтын паритетинин негизинде белгиленген ж-а туруктуу болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде алтын стандарты кыйрап‚ Экинчи дүйнөлүк согуштун акырында (1944-ж.‚ июль) алтын валюта стандарты киргизилген‚ анын негизги принциптери Бреттон-Вуд макулдашуусунда (АКШ) белгиленген. Ага ылайык алтын‚ АКШ доллары‚ Англиянын фунт стерлинги эл аралык эсептешүүлөрдүн негизги куралы болуп калды. Бирок 1970-ж. Бреттон-Вуд валюта системасы кыйраган. Жаӊы эл аралык В. с. 1976-ж. январда Ямайка макулдашуусу м-н түзүлгөн. Валюта стандарты алтын валюта стандартынан төмөнкү элементтери м-н айырмаланат: а) алтындын расмий баасы алып салынган; б) «сүзүп жүрмө» курс системасы киргизилген; в) негизги валюталардын бир нечеси системанын негизи болуп калды; г) CДР ( «өздөштүрүүнүн атайын укугу») маанилүү орунду ээледи.