ВАНАХУН: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАНАХУН Мансуз [23.11.1907, Россия империясы, Түркстан крайы, Жети-Суу обл., Пишпек (азыркы Бишкек) ш. – 5. 7. 1943, РСФСР, Орловск обл., Малоаархангельск р-ну, Согласный кыш.] – Сов. Союз. Баатыры (8.9.1943). 20-к-дын 20-жылдары бир туугандары м-н Милянфан (азыркы Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нуна караштуу айыл) айылына көчүп келишкен. 1942-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылган. Кенже командирлер мектебин бүтүп, минометчик адистигине ээ болгон. Улуу Ата Мекендик согушта 11-миномётчулар бригадасынын (12-артиллериялык

дивизия) миномёттук расчётунда командир. 1943-ж. 5-июлда Курск обл-ндагы Согласный кыш-нын түш.-батышында душман м-н болгон урушта сержант В-дун расчёту катардан чыккандан кийин фашисттердин чабуулуна В. өзү жалгыз туруштук берет. Акырында минаны жарып, курчап келген гитлерчилерди кыйратып, өзү да курман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган. Сов. Союз. Баатыры наамы курман болгондон кийин берилген. Орловск обл-ндагы Малоархангельск р-нунун Протасова кыш-нда (Россия Федерациясы) мемориалдык такта орнотулган. Анын ысмы м-н Милянфан айылындагы мектеп, Кант ш-ндагы көчө аталып, Милянфанда музей-үйү уюшулуп, «Ванахундун эрдиги» аттуу документалдуу фильм тартылган.