ВАН ГОГ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВАН ГОГ ''' Винсент Виллем (30. 3. 1853, Түн. Брабант, Грот-Зюндерт – 29. 7. 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз) – голланд живописчиси. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада ж-а чиркөөдө кызмат кылган. 1881–85-ж. Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-к-дагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психол. образдарды түзгөн. 1886–88-ж. Парижге келип, импрессионисттик живопись м-н япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде
'''ВАН ГОГ ''' '''Винсент Виллем''' (30. 3. 1853, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт – 29. 7. 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз) – голланд живописчиси. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881–85-жылдары Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психологиялык образдарды түзгөн. 1886–88-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде<br/>
<br/>
[[File:ВАН ГОГ27.png | thumb | В. Ван Гог. «Картошка жеп жаткандар».<br/>1885. Ван Гог музейи (Амстердам).]]
[[File:ВАН ГОГ27.png | thumb | В. Ван Гог. «Картошка жеп жаткандар».
«Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880-жылдар Ван Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) ж. б. көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Ван Гог чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана 19-кылымдагы реализм менен буржуазиялык  гуманизмдин кризиси даана байкалат.
<br/>1885. Ван Гог музейи (Амстердам).]]
«Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880-жылдар В. Г-дун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамл. көркөм сүрөт музейи) ж. б. көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыг-лыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. В. Г. чыг-лыгынан европа мад-тынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур ж-а 19-к-дагы реализм м-н бурж. гуманизмдин кризиси даана байкалат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:59, 23 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

ВАН ГОГ Винсент Виллем (30. 3. 1853, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт – 29. 7. 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз) – голланд живописчиси. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881–85-жылдары Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психологиялык образдарды түзгөн. 1886–88-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде

В. Ван Гог. «Картошка жеп жаткандар».
1885. Ван Гог музейи (Амстердам).

«Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880-жылдар Ван Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) ж. б. көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Ван Гог чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана 19-кылымдагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдин кризиси даана байкалат.