ВАНДОМ КОЛОННАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВАНДО́М КОЛОННАСЫ – Парижде Вандом аянтында (бийикт. 43,5 м) Наполеон Iнин жеӊиштерининин урматына 1806–10-ж. тургузулган (арх. Ж. Гондуэн ж-а Ж. Б. Лепер) колонна. Барельефтер

м-н кооздолуп (француздар 1805-ж. Аустерлиц салгылашуусунда колго түшүргөн 1250 замбиректин колосунан куюлган), Наполеондук армиянын кармашуудагы эрдиктерин чагылдырган сүрөттөр түшүрүлгөн. В. к-нын үстүнө коюлган Наполеондун статуясы 1814-ж. Рестраврация учурунда алынган ж-а 1863-ж. экинчи империянын тушунда кайрадан коюлган. В. к. милитаризмдин символу катары каралып, Париж коммунасынын декрети б-ча 1871-ж. кыйратылган. 1875-ж. калыбына келтирилген.