ВАРВАРЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВАРВАРЛАР ''' (гр. вarbaroi – гректер эмес, жаттар деген тууранды сөздөн) – байыркы гректер, кийин римдиктер өздөрү түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн уруулар м-н элдерге берген аталыш. Б. з. 1-к-нан В. аталышы «тили буруу» ж-а мад-ты чоочун германдар м-н кельттерге карата көбүрөөк айтыла баштаган. Жаӊы мезгилден тарта «В.» термини илимде Рим империясынан тышкары жашаган (варварлар дүйнөсү) ж-а анын ээликтерине кол салып (варвардык кол салуулар), анын аймагында алгачкы королдуктарын негиздешкен элдердин баарына карата колдонулган; «варвар акыйкаттары» катары белгилүү болгон бул элдердин адат укугу б-ча жазмалары. Өтмө мааниде В. деп наадан, маданиятсыз, маданий дөөлөттөрдү кыйратуучу кишилер же элдер аталат.
'''ВАРВАРЛАР ''' (гр. вarbaroi – гректер эмес, жаттар деген тууранды сөздөн) – байыркы гректер, кийин римдиктер өздөрү түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн уруулар менен элдерге берген аталыш. Б. з. 1-кылымынан Варварлар аталышы «тили буруу» жана маданияты чоочун германдар менен кельттерге карата көбүрөөк айтыла баштаган. Жаӊы мезгилден тарта «Варварлар» термини илимде Рим империясынан тышкары жашаган (варварлар дүйнөсү) жана анын ээликтерине кол салып (варвардык кол салуулар), анын аймагында алгачкы королдуктарын негиздешкен элдердин баарына карата колдонулган; «варвар акыйкаттары» катары белгилүү болгон бул элдердин адат укугу боюнча жазмалары. Өтмө мааниде Варварлар деп наадан, маданиятсыз, маданий дөөлөттөрдү кыйратуучу кишилер же элдер аталат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:06, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАРВАРЛАР (гр. вarbaroi – гректер эмес, жаттар деген тууранды сөздөн) – байыркы гректер, кийин римдиктер өздөрү түшүнбөгөн тилде сүйлөгөн уруулар менен элдерге берген аталыш. Б. з. 1-кылымынан Варварлар аталышы «тили буруу» жана маданияты чоочун германдар менен кельттерге карата көбүрөөк айтыла баштаган. Жаӊы мезгилден тарта «Варварлар» термини илимде Рим империясынан тышкары жашаган (варварлар дүйнөсү) жана анын ээликтерине кол салып (варвардык кол салуулар), анын аймагында алгачкы королдуктарын негиздешкен элдердин баарына карата колдонулган; «варвар акыйкаттары» катары белгилүү болгон бул элдердин адат укугу боюнча жазмалары. Өтмө мааниде Варварлар деп наадан, маданиятсыз, маданий дөөлөттөрдү кыйратуучу кишилер же элдер аталат.