ВАРНАВСКИХ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВАРНАВСКИ́Х Тамара Александровна (15. 8. 1923, Россия, Куйбышев ш. – 26. 1. 1995, Бишкек) – драма артисти, Кыргыз ССР эл арт. (1976). 1946-ж. Куйбышев драма театрынын алдындагы студияны бүткөн. 1953-жылдан Фрунзедеги Н. К. Крупская атн. (азыркы Ч. Айтматов атн.) орус драма театрында актёр, бир эле убакта КМИИде педагог болуп иштеген. Театрда В. эсте каларлык образдарды

Еленанын Ролунда Т. Варнавских.
жараткан. 32 жылдык чыг-лык ишинде дүйнөлүк белгилүү драматургдардын пьесаларынан 100гө жакын роль аткарган: Варя (А. Островский, «Жапайы»), Саадат (Р. Шүкүрбеков, «Өрөөндөгү жарык»), Елена Кольцова (А. П. Тур, «Атайын элчи»), Шайгүл (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт»), Кадича (Ч. Айтматов, «Кызыл жоолук жалжалым»), Катарина (В. Гюго, «Анжело»), Бела (М. Бараташвили, «Ийнелик»), Надежда (М. Горький, «Наадандар») ж. б. Медалдар м-н сыйланган.
Э. Турдубекова