ВЕНА: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ВЕ́НА (Wien) – Австриянын борбор шаары. Өлкөнүн башкы экон., маданий ж-а ил. борбору; өзүнчө адм. бирдикти түзөт (федерация жери статусуна ээ). Калкы 1,9 млн (2020; шаар агломерациясында 2,1 млн). Дунай д-нын боюнда, Вена Токою тоо массивинин этегинде жайгашкан. Өлкөнүн башкы жолдор тоому. Шаар айланта магистралдар (а. и. автобандар) ж-а те-

мир жол тармактары салынган. Эл аралык транзиттик мааниге ээ магистралдар: Франкфурт-на-Майне – В. – Будапешт – Стамбул, Варшава – В. – Милан, Берлин – Прага – В. – Загреб. Ири жүк ташуучу авиаборбор. Эл аралык Вена-Швехат аэропорту, метрополитен бар. Деӊиз порту. Байыркы кельттердин тургун жайы; б. з. 1-к-нан римдик Виндобона (же Виенна) аскер лагери. 1221-жылдан шаар. 16-к-да императорлор резиденциясы, бирок иш жүзүндө Габсбургдар мамлекетинин, 1804-жылдан Австрия империясынын (1867–1918-ж. Австрия-Венгриянын) борбору болгон. 18-к-дын 1-жарымында В. – европалык мад-ттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848–49-ж. Австриядагы рев-ячыл кү-

рөштүн очогу. 1918-жылдан Австрия Респ-нын борбору.
В-га өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 1/3инен ашыгы туура келет. Машина куруу (транспорт, радиоэлектроника, электр-тех., станок, прибор куруу, а. ч. машиналары), полигр., хим.-фармацевтика, тигүү, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштеп, аялдардын модалуу кийимдери, трикотаж, шляпа, кооз эмеректер, муз. аспаптар чыгарылат. Шаарда Австриядагы эӊ ири нефть ажыратуучу з-д иштейт. Ыйык Стефан собору (шаардын символу), роман, готика стилиндеги чиркөөлөр, ратуша, парк фонтандары м-н сарайлар, Бельведер, вилла сакталган. Шаардын борб. бөлүгүндө соода үйлөрү, газометрлер курулуп, эстеликтер (император Иосиф IIге, В. А. Моцартка Бурггартенде, И. Штрауска, Ф. Шубертке) тургузулган. В-нын тарыхый борбору ж-а Шёнбрунн сарайы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. ИА, 100дөн ашык ил.-из. ин-ттар, ил. коомдор, ун-ттер, асем иск-во академиясы, 53 ири китепкана (а. и. парламенттин, улуттук ж. б.), музейлер (а. и. табигый-тарыхый ж. б.), Альбертина, сүрөт гал., гравюра кабинети, мемориалдык музейлер (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, Ф. Шуберт, И. Штраус уулунун), З. Фрейддин үй-музейи, театрлар иштейт. Эки жылда бир бий, заманбап музыка, жыл сайын опера фестивалдары, 1982-жылдан «Бельведер» эл аралык вокалисттер конкурсу ж. б. өткөрүлөт. Дүйнөдөгү эӊ ири музыка басмасы «Universal Edition» (1901) иштейт.
Ад.: Сененко М. С. Вена. М., 1970.