ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР ''' (Венецианов мектеби) – 19-к-дын 2-чейрегиндеги живописчилердин ж-а графиктердин тобу; А. Г. ''Венециановдон'' Санкт-Петербургда ж-а Тверь губерниясынын Сафонков кыш-нда окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–40-жылдарга туш келет. Орус живописинде В-дын чыг-лыгы айыл жаратылышы м-н орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. В-дын сүйүктүү жанры – ''портрет'' (көбүнчө интерьердеги), ''пейзаж, интерьер'' ж-а натюрморт. В-дын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура м-н иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун ж. б. катары кызмат кылган. Бул болсо В-ды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу м-н анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан.  
'''ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР ''' (Венецианов мектеби) – 19-кылымдын 2-чейрегиндеги живописчилердин жана графиктердин тобу; А. Г. ''Венециановдон'' Санкт-Петербургда жана Тверь губерниясынын Сафонков кыштагында окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–40-жылдарга туш келет. Орус живописинде Венециановчулардын чыгармачылыгы айыл жаратылышы менен орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. Венециановчулардын сүйүктүү жанры – ''портрет'' (көбүнчө интерьердеги), ''пейзаж, интерьер'' жана натюрморт. Венециановчулардын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура менен иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун ж. б. катары кызмат кылган. Бул болсо Венециановчуларды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу менен анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан.  
<br/>Ад.: ''Алексеева Т. В.'' Художники школы Венецианова. М., 1958.
 
<br />Ад.: ''Алексеева Т. В.'' Художники школы Венецианова. М., 1958.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:53, 23 Июль (Теке) 2024 -деги абалы

ВЕНЕЦИАНОВЧУЛАР (Венецианов мектеби) – 19-кылымдын 2-чейрегиндеги живописчилердин жана графиктердин тобу; А. Г. Венециановдон Санкт-Петербургда жана Тверь губерниясынын Сафонков кыштагында окуган окуучулары. Анын ишмердиги 1820–40-жылдарга туш келет. Орус живописинде Венециановчулардын чыгармачылыгы айыл жаратылышы менен орус турмушун сүйкүмдүү, тереӊ, поэтикалуу чагылдырган багытты жараткан. Венециановчулардын сүйүктүү жанры – портрет (көбүнчө интерьердеги), пейзаж, интерьер жана натюрморт. Венециановчулардын көркөм багыты устаттын өзүнүн эмгектеринен келип чыгат: окуучу эӊ алгачкы этаптардан баштап эле натура менен иштеген, күндөлүк турмушта адам баласын курчап турган турмуш-тиричилик буюмдары, жашоо интерьери, белгилүү бир орун ж. б. катары кызмат кылган. Бул болсо Венециановчуларды академиялык классицизм шарттуулуктарынан арылткан. А. Г. Венециановдун сунушу менен анын көп окуучулары кийин Сүрөт академиясынан билим алышкан.


Ад.: Алексеева Т. В. Художники школы Венецианова. М., 1958.