ВЕСТМИНСТЕР СТАТУТУ (1931): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ВЕ́СТМИНСТЕР СТАТУТУ (1931) – Британ империясынын доминиондоруна ички ж-а тышкы иштеринде өз алдынчалыкты берүү, метрополия м-н теӊ укуктуулугун бекемдөө тууралуу мыйзам. 1926-ж. ж-а 1930-ж. империялык конф-яларда Канада, Жаӊы Зеландия, Австралия Союзу, Түштүк-Африка Союзу, Эйре (Ирландия) ж-а Ньюфаунленд доминиондору Британ Шериктештигинин курамында толук өз алдынчалуулукту берүүнү талап кылышкан. Натыйжада парламент тарабынан жактырылган В. с. кабыл алынып, ал б-ча ар бир доминиондун ички-тышкы иштерин өз алдынча жүргүзүү, чет өлкөлөр м-н дипл. байланыштарды түзүү ж-а Улуттар Лигасына өз өкүлдөрүн жөнөтүү укугу берилген. В. с. 1949-ж. толукталып, республикаларга (мис., Индияга) Британ Шериктештигине мүчө болууга мүмкүндүк берген.