ГАВР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАВР – Франциянын түн.-батышындагы шаар. Жогорку Нормандия аймагында, Сена д-нын чатында, Па-де-Кале кысыгынын жээгинде жайгашкан. Калкы 169,7 миӊ (2018). Жүк ташуунун көлөмү б-ча Франциядагы 2-порт (2002-ж. 68 млн т жүк ташылган). Ири жолдор тоому. Аэропорту бар. Г. 1517-ж. негизделген. Нотр-Дам (1574–638), Сен-Франсуа (16–17-к.) чиркөөлөрү, шаардын жаӊы бөлүгүндө Гравиль-Сент-Онорин аббатчылыгы (11–14-к.; учурда

Шаардын көрүнүшү.

музей), Сен-Мишель чиркөөсү (15-к-дын аягы), Турневиль ж-а Сент-Андрес эски форттору сакталган. 1947–56-ж. шаар толугу м-н жаӊы арх-ралык доминанттар м-н [а. и. ратуша, «Океан дарбазасы» ансамбли, Сен-Жозеф коӊгуроолуу чиркөөсү (бийикт. 106 м; маяк орнотулган), «Жанар тоо» комплекси (1982), Нормандия көпүрөсү (1988–94)] кайрадан курулган. Г-дын борб. бөлүгүндөгү курулуштар согуштан кийинки арх-ранын ж-а шаар куруунун эстеликтери катары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген (2005). Нефть ажыратуу, нефть-хим., кеме, автомобиль ж-а авиакуруу, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т, музейлер бар.