ГАВРИШ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГА́ВРИШ Иван Фомич [7.4.1920, Беловодский (азыркы Москва) р-ну, Садовый кыш. – 30.10.1994, Россия, Ростов-на-Дону] – Сов. Союз. Баатыры (1945). Гвардиянын улук лейтенанты. 1938-ж. Сов. Армияга чакырылган.

Улуу Ата Мекендик согушта штурмалоочу 74-гвардиянын Кызыл Туулуу Сталинград авиаполкунун звено командири. Түш.-Батыш, Түш., 4-Украин, 3-Белорус фронтторунда салгылашкан. Согуш мезгилинде 100дөн ашуун согуштук учуш жасаган. 7 жолу аба урушуна катышкан. Душмандын 13 танкын, техника жүктөлгөн 60 автомашинасын, ок-дары сакталган 2 складын, 17 зениттик артиллериясын талкалап, 300дөн ашык гитлерчини жок кылган. Г. Ленин, эки Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.