ГАГАРИН Юрий Алексеевич: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАГА́РИН Юрий Алексеевич [9.3.1934, Смоленский обл., Гжатск (азыркы Гагарин) р-ну, Клушино (азыркы Гагарин) айылы – 27.3.1968, Москва] учкуч-космонавт, полковник, Сов. Союз. Баатыры (1961). Коомдук-саясий ишмер. Курулуш техникумун (1951), аэроклуб курсун, Саратов ш-ндагы Чкалов атн. 1-авиац. окуу жайын (1955–57),

Жуковский атн. аскер-аба академиясын 1968-ж. февралда бүтүргөн. 1961-ж. 12-апрелде адамзат тарыхында биринчи жолу «Восток» космос кемеси м-н космоско учуп, Жер шарын 1 с 48 минда айланып, жерге конгон. Учкуч-космонавттарды даярдоого активдүү катышкан, космос кемелеринин учушуна жетекчилик кылган, көптөгөн коомдук-саясий иштерди аткарган. Г. авиац. машыгууда кырсыктан курман болгон. Ысмын түбөлүк калтыруу үчүн айрым шаарлар, райондор анын аты м-н аталган. Айдын аркы бетиндеги кратерге ысмы берилген. Эл аралык авиац. федерациянын Г. атн. сыйлыгы белгиленген (1968). Ага Чехословакиянын Соц. Эмг. Баатыры, Болгариянын Баатыры деген наамдар берилген. Сөөгүнүн күлү Кызыл аянттагы Кремль дубалына коюлган. Кыргызстанда бир нече ирет болгон.
Эмг.: Вижу Землю. 3-е изд. М., 1976; Дорога в космос. М., 1981.
Ад.: Степанов В. И. Юрий Гагарин. М., 1987; Орозбеков К. Эл баалаган эмгек. Б., 2006.