ГАДЕЛЬШИН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

10:51, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАДЕЛЬШИН Хамит Габдулович (10.7.1923, Башкырт АССРи, Биш-Булак р-ну, Аитов кыш. – 10.1.2000, Бишкек) – Сов. Союз. Баатыры (1944). Полковник. Сов. Армияга 1941-ж. августта Фрунзе ш-нан чакырылып, ошол жылы Ташкенттеги байланышчылардын аскердик окуу жайын бүткөн. Улуу Ата Мекендик согушта 3-Украин фронтунун 31-аткычтар дивизиясында байланыш ротасында улук радиотелеграфист. Украинаны баскынчылардан бошотууда душмандын тереӊ тылына 8 жолу барып, баалуу маалыматтарды рация

аркылуу билдирген. 1943-ж. 27-сентябрда Днепр д-нан өтүүдө (Сошиновка кыш.) эрдик көрсөткөн. Согуштан кийин Ленинград аскердик байланыш окуу жайын ж-а Аскердик байланыш академиясын бүтүргөн. 1969-жылдан запаста. Фрунзе ш-ндагы кесиптик-тех. окуу жайында эмгектенген.